Көрүүсү начарлар үчүн версия

Язык

Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форумуна катышты

26.06.2026, 12:49
42

2026-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын алкагында Бишкек шаарында өткөн ШКУ-2026 Инвестициялык бизнес-форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев катышты.

Форумдун алкагында Эмилбек Орозбаев «Жашыл трансформация жана санариптик эгемендүүлүк: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жаңы индустриалдашуусу» аттуу панелдик сессияда баяндамачы катары сөз сүйлөдү.

Панелдик талкууда энергиянынкайра жаралуучу булактарын стратегиялык инфраструктура катары өнүктүрүү, энергетикалык тутумдарды башкарууда санариптик технологияларды, акылдуу тармактарды, маалыматтарды талдоону жана жасалма интеллектти колдонуу, энергияны сактоо инфраструктурасын өнүктүрүү, энергетикалык жабдууларды өндүрүүнү жергиликтештирүү, жашыл индустриалдаштыруу долбоорлоруна инвестицияларды тартуу, экономиканы декарбонизациялоо, климаттык туруктуулукту камсыз кылуу, ошондой эле ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы трансчек аралык энергетикалык жана санариптик кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Өз сөзүндө Эмилбек Орозбаев энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгилеп кетти.