Жашыл энергетика фонду Регионалдык экологиялык саммитке – RES 2026 Expo (Астана) катышты
28.04.2026, 11:35
83
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 22–24-апрелинде Казакстан Республикасынын Астана шаарында өткөн Регионалдык экологиялык саммит – RES 2026 Expo алкагында уюштурулган жашыл технологиялар боюнча эл аралык көргөзмөгө катышты.
Иш-чарага 8 өлкөдөн келген катышуучулар чогулуп, экология, туруктуу өнүгүү жана кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы заманбап чечимдерди сунушташты.
Фонддун катышуусу алдыңкы технологиялар менен таанышууга, ишкер байланыштарды түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жашыл энергетика тармагындагы демилгелерин илгерилетүүгө багытталды.