Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Түркиянын «RHOFA Energy» компаниясынын өкүлдөрү Жашыл энергетика фондуна иш сапары менен келди

13.05.2026, 17:02
43

  2026-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев Түркиянын «RHOFA Energy» энергетикалык компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Хазрети Акдемир жетектеген делегацияны кабыл алды.

  Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл күн энергетикасын өнүктүрүү багыттарына, инвестицияларды тартууга, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы тажрыйба жана заманбап технологиялар менен алмашууга бурулду.

  Түрк тарап Кыргыз Республикасы менен энергетика тармагындагы кызматташууну, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

  Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, келечектүү кызматташтык багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.