“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОНДУ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү объектилерди курууга жер тилкелерди өткөрүп берүү укугуна конкурс жарыялайт.
Лот №1 Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 500 кВт).
Жайгашкан жери: Ош облусу, Өзгөн району, М. Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын Кара-Шоро токойчулугунун №1 кыдырмайынын Чер Алма участкасындагы №15, №16 кварталдары, жалпы аянты – 2,3 га.
Лот №2 Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 6 МВт).
Жайгашкан жери: Ош облусу, Өзгөн району, М. Жээнбеков атындагы Өзгөн токой чарбасынын Кара-Шоро токойчулугунун №1 кыдырмайынын Тору-Тай участкасындагы №1, №4 кварталдары, жалпы аянты - 2,9 га.
Лот №3 Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 9 МВт).
Жайгашкан жери: Ош облусу, Алай району, Алай токой чарбасынын мамлекеттик токой фондусунун жер тилкеси, жалпы аянты - 25,50 га.
Лот № 4: Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 1,85 МВт).
Жайгашкан жери: Ош облусу, Өзгөн району, Жазы а/а, Зергер айылы, аталышы жок көчө, жалпы аянты 26 000 м² (идент. номери: 5-06-07-0011-0682).
Лот № 5: Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 4 МВт).
Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Оргочор айыл аймагы, Светлая Поляна айылы (№328-333 контуры), жалпы аянты 23,91 га (идент. номери №: 2-02-12-0019-0005).
Лот № 6: Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 6 МВт),
Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Липенка айылы, Ак-Шыйрак участогу (№96,114,188,189 контурлары), жалпы аянты 29,51 га (идент. номери. №: 2-02-08-0014-0018).
Конкурс 2026-жылдын 9 июнь саат 14:00, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында өтөт.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 2026-жылдын 5 июнь күнү саат 18.00 гө чейин, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна тапшыруу керек.
Сынакка катышуу үчүн конкурстук арызды, бөлүмдөгү сайттан көрүүгө болот:
- Бөлүмдөр;
- Инвесторлорго;
- Керектүү документтер.