Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кыргызстандагы энергетика тармагындагы инвесторлор менен жыйын өткөрдү
2026-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде инвесторлордун, өнөктөштөрдүн жана энергетика тармагындагы мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Торобаевдин төрагалыгы алдында өткөрүлдү.
Ошондой эле иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө акыркы жылдары өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшү электр энергиясын керектөөнүн олуттуу көбөйүшү менен коштолуп жатканы белгиленди. Акыркы беш жыл ичинде электр энергиясын керектөө 25 пайыздан ашык өсүп, 2020-жылы 15,4 млрд кВт·саат болсо, 2025-жылдын аягына карата 19,3 млрд кВт·саатка жетери күтүлүүдө.
Ошол эле учурда жаңы генерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүү темпи өсүп жаткан суроо-талаптан артта калууда. Ушуга байланыштуу кеңешменин негизги темасы катары мурда Министрлер Кабинети тарабынан жактырылган энергетика тармагындагы инвестициялык макулдашуулардын ишке ашырылышы каралды.
Кеңешме ачык диалог жана B2B форматында өтүп, анын алкагында катышуучулар тармактагы учурдагы абалды жана мамлекеттик органдар менен инвесторлордун өз ара аракеттенүү механизмдерин талкуулашты. Өзгөчө көңүл күн, шамал жана гидроэлектр станцияларын куруу долбоорлоруна бурулду.
Бакыт Торобаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктары кеңейтилгенин, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жол-жоболору тездетилгенин жана энергетика тармагын өнүктүрүүгө артыкчылык берилгенин белгиледи.
«Инвесторлордун энергетика тармагына жана өлкө экономикасына кошкон салымы чоң. Долбоорлорду натыйжалуу ишке ашырып жаткан инвесторлор менен катар, айрым милдеттенмелерди аткарбаган учурлар да кездешет, бул мамлекеттин жана тармактын кызыкчылыктарына туура келбейт. Биздин алдыбызда электр энергиясынын тартыштыгын кыскартуу жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу милдети турат. Эгерде учурдагы керектөө темпи сакталса, 2030-жылга карата ал 25 млрд кВт·саатка жетиши мүмкүн», — деп белгиледи Бакыт Торобаев.
Жолугушуунун жыйынтыгында долбоорлорду ишке ашыруудагы актуалдуу маселелер каралып, көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору аныкталды. Тиешелүү мамлекеттик органдарга протоколдук тапшырмалар берилди.
Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча системалуу иштерди улантууда, анын ичинде инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын жашыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө кызыкдар инвесторлор менен кызматташууга ачык.