Көрүүсү начарлар үчүн версия

Язык

Кытай компаниясынын өкүлдөрү Жашыл энергетика фондуна иш сапары менен келишти

22.06.2026, 09:43
30

2026-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев Кытайдын «Чжун Цзинь Индастриал» ЖЧКсынын делегациясын компаниянын төрагасы Ян Цинлундун жетекчилиги алдында кабыл алды. Делегациянын курамына ошондой эле «China National Coal» тобунун жана «Чжунцзы Консалтинг» компаниясынын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелерин, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын энергетика секторуна заманбап технологияларды жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаларды киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Өзгөчө көңүл кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө, энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатууга, ошондой эле өнөр жай жана энергетикалык инфраструктура тармагындагы долбоорлор боюнча өз ара аракеттенүүнүн келечегине бурулду.

Кытай тарап Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара пайдалуу кызматташтыктын келечектүү багыттарын биргелешип иштеп чыгууга даяр экендиктерин билдиришти.