Көрүүсү начарлар үчүн версия

Язык

Кыргызстанда эң ири күн электр станциясынын биринчи фазасы пайдаланууга берилди

18.06.2026
30

 

2026-жылдын 14-июнунда Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр–Тамчы айыл аймагынын Кызыл-Өрүк жерлигинде энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы өлкөдөгү эң ири долбоорлордун бири болуп саналган күн электр станциясынын биринчи фазасын пайдаланууга берүү боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана эл аралык өнөктөштөр катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду тарабынан иш-чарага Фонддун директору Эмилбек Орозбаев катышты.

Жалпы кубаттуулугу 1900 МВт болгон долбоор ROX Energy Global компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен түзүлгөн инвестициялык макулдашуунун негизинде ишке ашырылууда. Долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун чыңдоого жана керектөөчүлөрдү туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

Долбоорду ишке ашыруудагы негизги этаптардын бири болуп күн электр станциясын жайгаштыруу үчүн жер тилкесин берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун жүргүзгөн иштери саналат. Фонд жер тилкесин бөлүп берүү жол-жоболорун коштоп, инвестор менен мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылган. Бул өз кезегинде долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышына жана анын биринчи фазасынын пайдаланууга берилишине өбөлгө түздү.

Долбоордун биринчи фазасынын алкагында кубаттуулугу 175 МВт болгон күн электр станциясы, 110 кВ көмөк чордону жана тиешелүү электр өткөрүү инфраструктурасы пайдаланууга берилди. Биринчи фазага тартылган инвестициянын көлөмү 130 млн АКШ долларын түздү. Станция жылына болжол менен 192 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрөт деп күтүлүүдө.

Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин күн электр станциясынын жалпы кубаттуулугу 1900 МВтка жетип, жылына болжол менен 3,3 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүрөт. Долбоорду ишке ашыруу үчүн жалпы аянты 2187,9 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген, ал эми инвестициялардын жалпы көлөмү 1,4 млрд АКШ долларын түзөт.

Долбоордун маанилүү артыкчылыктарынын бири анын экологиялык натыйжалуулугу болуп саналат. Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, биринчи фазаны пайдаланууга берүү менен жыл сайын Токтогул суу сактагычындагы 362 млн куб метрге чейин суу үнөмдөлөт. Ал эми станция толук кубаттуулукта иштей баштагандан кийин бул көрсөткүч жылына 3,9 млрд куб метрге чейин жетет.

Долбоор аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошот. Курулуш иштерине 800гө жакын инженерлер жана адистер тартылып, алардын басымдуу бөлүгүн Кыргыз Республикасынын жарандары түзгөн. Объект толук ишке киргизилгенден кийин жаңы туруктуу жумуш орундары түзүлүп, жергиликтүү инфраструктура өнүгүп, жергиликтүү бюджеттерге түшкөн кирешелер көбөйөт.

Долбоорду ишке ашыруу графигине ылайык, кошумча кубаттуулуктарды ишке киргизүү 2027 жана 2028-жылдарга пландаштырылган. Курулуш толугу менен аяктагандан кийин бул күн электр станциясы Борбордук Азиядагы эң ири күн генерациялоочу объекттердин бири болуп калат.

Күн электр станциясынын биринчи фазасынын пайдаланууга берилиши Кыргыз Республикасынын жашыл энергетиканы өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана туруктуу өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиялык максаттарына жетүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду мындан ары да энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду колдоо жана коштоо боюнча иштерин улантып, өлкөнүн энергетикалык потенциалын чыңдоого, инвестицияларды тартууга жана жашыл экономиканы өнүктүрүүгө өз салымын кошот.