"КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОНДУ" МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү объектилерди курууга жер тилкелерди өткөрүп берүү укугуна конкурс жарыялайт.
Лот № 1: Күн электр станциясын (КЭС) куруу (кубаттуулугу 100 МВт).
Жайгашкан жери: Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айыл аймагы, Максат айылы, жалпы аянты 135 га (идентификациялык №: 8-03-07-008-002).
(Алдын ала туташуу чекити катары 110 кВ «Раззаков – Арка» аба электр берүү линиясын «кирип-чыгуу» схемасы боюнча туташтыруу каралышы мүмкүн. Бул үчүн объекттин аймагында 110 кВ көтөрүүчү көмөкчү станцияны куруу жана КЭСтин подстанциясынан учурдагы 110 кВ «Раззаков – Арка» аба электр берүү линиясындагы туташуу чекитине чейин 110 кВ аба электр берүү линиясын куруу каралат. Ошондой эле өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында 110 кВ «Айгүл-Таш – Раззаков» аба электр берүү линиясын экинчи чынжыр менен кошумча куруу зарыл.)
Лот № 2: Кичи гидроэлектростанциясын (КГЭС) куруу (кубаттуулугу 2,1 МВт).
Жайгашкан жери: Чуй облусу, Москва району, Ак-Суу а/а, Темен-Суу айылы, (контур №4,7,10,12,65,66,73,47,68) общая площадь 48567 м2 (идентификациялык №: 7-06-13-0015-0023);
Конкурс 2026 – жылдын 13 – апрелинде саат 14:00, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында өтөт.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 2026-жылдын 10 –апрель күнү саат 18.00 гө чейин, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна тапшыруу керек.
Конкурстун шарттары жөнүндө кеңири маалымат, конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан, мекеменинрасмий сайтынан, социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан, ошондой эле 66-00-63, 66-00-64 телефон номерлери аркылуу таанышса болот.
Сынакка катышуу үчүн конкурстук арызды бөлүмдөгү сайттан көрүүгө болот:
- Бөлүмдөр;
- Инвесторлорго;
- Керектүү документтер.