Жашыл энергетика жаңы этапка чыгууда: жакында аукциондук система киргизилет
Министрлер Кабинетине "Жашыл энергетика фондунун" директору Кундус Кырбашева USAID Азия боюнча бюросунун администраторунун жардамчысынын орун басары Анжали Каур айым менен жолугушту. Жолугушууда Кыргызстандагы жашыл энергетика секторун өнүктүрүүгө техникалык жардам көрсөтүү маселелери каралды.
Фонддун директору жашыл энергетикага аукциондук соода системасын киргизүү үчүн USAID'дин колдоосу зарыл экенин белгилеп өттү. Ал буга чейин коңшу өлкөлөрдө USAID'дин колдоосу менен ийгиликтүү киргизилген онлайн платформа мисалында, Кыргызстанда дагы ушундай механизмди ишке ашырууга аракеттенип жатканын билдирди. Бул система аркылуу инвесторлор ачык-айкын шартта конкурстарга катыша алышат.
Кундус айымдын айтымында, Кыргызстандагы аукциондук системанын негизги максаты – коррупциялык схемаларды жоюп, эң төмөнкү тарифти сунуштаган компанияларды ачык тандоо. Аукциондор квалификациялык тандоо жана күчөтүлгөн талаптарга ылайык ачык-айкын жүргүзүлөт. Муну ишке ашыруу үчүн USAID'ден техникалык жардам суралган. Анжали Каур айым өз кезегинде, USAID Кыргызстан үчүн жаңы программаны ишке киргизип жатканын жана анын алкагында жашыл энергетика секторуна мындан ары да ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.