“Жашыл энергетика фондунун” директору Кундус Кырбашева аялдардын жашыл суутек жана жашыл энергетика тармактарына катышуусун илгерилетүүгө багытталган панелдик талкууга катышты
КР Министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондунун” директору Кундус Кырбашева аялдардын жашыл суутек жана жашыл энергетика тармактарына катышуусун илгерилетүүгө багытталган панелдик талкууга катышты. Бул талкуу Германиянын Эл аралык кызматташтык уюму (GIZ) тарабынан ишке ашырылган жана Германиянын Федералдык тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган «Глобалдык суутек дипломатиясы» (H2-diplo – Decarbonization Diplomacy) долбоорунун алкагында өттү.
«Глобалдык суутек дипломатиясы» долбоору – бул дүйнөлүк энергетикалык өзгөрүүнү тездетүүгө жана көмүртексиз экономикага өтүүгө багытталган Германиянын негизги демилгеси. Долбоор гендердик теңчиликти колдоого өзгөчө көңүл буруп, аялдардын энергетика секторуна тартылышын жана аларды дүйнөлүк кошумча нарк чынжырларына интеграциялоону камсыздайт. Бул демилге Германиянын Эл аралык климаттык демилге (IKI) аркылуу каржыланат.
Кыргызстандын жашыл энергетика фонду бул сыяктуу эл аралык долбоорлордун ийгиликтүү тажрыйбасын өлкөбүздүн жашыл энергетикасын өнүктүрүү үчүн, өлкөбүздүн шарттарын жана артыкчылыктарын эске алуу менен, адаптациялоонун маанилүүлүгүн белгилейт.
«Биз велосипед ойлоп табуунун кереги жок деп эсептейбиз. Тескерисинче, биз ийгиликтүү долбоорлордун иштелмелерин натыйжалуу колдонуп, аларды өлкөбүздүн шарттарына ыңгайлаштыра алабыз. Бул экономикабызды диверсификациялоо жана жашыл энергетикадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратуу үчүн өзгөчө маанилүү», – деп белгиледи Фонддун директору.
«Жашыл» суутектин өнүгүшүнө багытталган демилгелер Кыргызстан үчүн туруктуу өнүгүүгө жана энергиянын казылып алынуучу булактарынан көз карандысыздыгын азайтууга перспективаларды ачып, ошондой эле бул процессте аялдардын ролун күчөтүүгө өбөлгө түзөт.