Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет
Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүп келет
Кыргыз Республикасында энергетикалык дараметин жана анын курулушун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде чакан ГЭСтерди, шамал, күн электр станцияларын куруу боюнча демилгелерди жана курулушту өнүктүрүүгө көмөктөшүп келет, ушуга байланыштуу жер участокторун бөлүп берүү боюнча келип чыккан зарыл маселелерди чечүү жана аймактарда жумушчу орундарды түзүүчү жана республикада электр энергиясын өндүрүүнү камсыз кылган ишканаларга көмөк көрсөтөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы № 62 "Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга арналган жерлерди өткөрүп берүү жөнүндө" Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте ЭКБны пайдалануу үчүн жарактуу жерлерди мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) пайдалануу укугу берилген.
Фонддун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) башкаруунун жогорку органы - Фонддун Байкоочу кеңеши (Фонддун Кеңеши);
2) аткаруучу орган - Фонддун Катчылыгы (мындан ары - Фонддун Катчылыгы).
Демек, жашыл экономика жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу негизги ведомстволор Байкоочу кеңештин курамына кирет.
Азыркы учурда Фонд киреше алып келүүчү мекеме болуп саналат, анын акча каражаттары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине чегерилет.
Алсак, Фонд түзүлгөндөн тартып 2023-2025-жылдар ичинде өткөрүлгөн конкурстардын жыйынтыгы боюнча дээрлик 130дан ашык лот каралып, кайра жаралуучу энергия булак объекттерин куруу боюнча 55 ишкер субъекттер менен келишимдер түзүлгөн.
2025-жылы 2 конкурс өткөрүлүп, 28ден ашык лот каралган. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарынан жалпы кубаттуулугу 7162 МВтка чейин электр энергиясын өндүрүү болжолдонууда. Мындан тышкары, түзүлгөн келишимдердин жана катышуучулардан алынган кепилдик төгүмдөрдүн негизинде Фонддун эсебине 26 миллион сомдон ашык акча каражат түшкөн. Ошондой эле өткөрүлүп берилген участоктор үчүн ижара акысынын суммасы 107 миллион сомдон ашык түшкөн. 2024-2025-жылдар үчүн ижара акысынын жана кепилдик төгүмдөрдүн жалпы суммасы 133 миллион сомдон ашык.
Ошентип, Фонддун иши жер участокторун өткөрүп берүү боюнча ачык конкурстарды өткөрүүдө (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү конкурстук комиссиянын курамына кирет), ошондой эле ижарага алынган каражаттарды түзүү жана топтоо боюнча иши ачык жана айкын болуп саналат. Аларды максаттуу пайдалануу Байкоочу кеңеш тарабынан каралат.
Ушундан улам, жашыл инвестициялардан түшкөн каражаттар максаттуу багытка ээ жана негизги министрликтерден жана ведомстволордон, анын ичинде Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында, Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында белгиленген өнүктүрүү максаттарына ылайык жашыл экономиканы өнүктүрүү саясатын ишке ашырып жаткан Фонддун Байкоочу кеңеши тарабынан каралат.
Шарттуу максаттардын алкагында, башкача айтканда, башкача айтканда, тышкы каржылоону талап кылган максаттарга энергиянын кайра жаралуучу булактарын, гидроэнергетиканы өнүктүрүү, электр энергиясын берүү жана бөлүштүрүү учурундагы жоготууларды азайтуу, парник газдарынын эмиссиясына мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук боюнча сектордун потенциалын жогорулатуу жана калкты маалымдоо боюнча милдеттер кирет. Ошентип, өзүнүн кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча максаттуу, калыптанып калган жана инвесторго багытталган стратегиясы бар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия, Азербайжан жана башка өлкөлөр менен катар Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарын региондук өнүктүрүүдө өзүнүн артыкчыларын аныктады.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Жашыл энергетика фонду жемиштүү кызматташуу, консультациялар жана энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорду колдоо жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик органдары жана инвесторлор менен өз ара аракеттенүү үчүн аянтча түзө алды.
Ири потенциалга ээ болгон Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактарынын региондук жарышында артта калбоого абзел, анын өнүгүшү заманбап социалдык-экономикалык өнүгүүнүн табигый кластерлеринин бири болуп саналат.