Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде УКК боюнча жыйын

28.04.2025, 10:00
34

2025-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде Үчүнчү улуттук деңгээлде аныкталуучу салымды (ОНУВ 3.0) жана транспаренттүүлүк жөнүндөэки жылдык отчетту (ДДТ1) даярдоонун жүрүшүн талкуулоо максатында Ведомстволор аралык жумушчу топтун отуруму болуп өттү, ага Фондун өкүлдөрү да  катышты.

Кыргыз Республикасы БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын катышуучусу болуп саналат, анын алкагында 2017-2025-жылдарга ОНУВ 2.0 ишке ашырылышынын жүрүшү бааланат жана ОНУВ 3.0 боюнча ар тараптуу ыкма менен сунуштар жана методология иштелип чыгат.

Жолугушууда климаттын өзгөрүүсү боюнча иш-чаралардын аткарылышынын учурдагы абалына, климаттын өзгөрүүсүнө тийгизген таасирине жана адаптацияга баа берүүгө, ошондой эле секторлор боюнча мамлекеттик жана жеке институттардын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга багытталган бир катар маанилүү маселелер талкууланды, бул ошондой эле ОНУВ 3.0 жана ДДТ1 даярдоо менен байланышкан максаттарга жетишүүнү камсыз кылууга жардам берет. Талкууланып жаткан маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу жогоруда аталган документтерди ийгиликтүү жана өз убагында даярдоо үчүн негизги мааниге ээ.