Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу максатында Сауд Араб Падышалыгынын Эл-Рияд шаарында жолугушуулар өткөрүлдү

27.08.2025, 10:00
146

2025-жылдын 24-25-августунда Сауд Араб Падышалыгындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин демилгеси жана жигердүү көмөктөшүүсү менен жакынкы чыгыш өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасына энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүнө инвестицияларды тартуу максатында, Эр-Рияд шаарында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин  директору Э.Б. Орозбаев жана «Fas Renewable Energy» менчик саудия компаниясынын директору Маркус  Шрауф мырза менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

«FAS Renewable Energy» компаниясы Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, АКШ жана КМШ  өлкөлөрүндө 1,6 млрд АКШ доллардан ашык инвестициялары бар «Fawaz Alhokair Group» туунду компанияларынын катарына кирген, жакынкы чыгыш өлкөлөрдө энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ири компания болуп эсептелинет. Жолугушуулардын натыйжалары боюнча энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду дээрлик 500 млн. АКШ долл. суммага ишке ашыруу жана инвестиция кылуу пландаштырылды.