Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Зардалы айылы электр энергиясы менен камсыз болот: 1 590 612 324 сом инвестиция тартылып, 29 мегаватты түзгөн Чакан ГЭС курулат

17.10.2024, 10:21
133

Президент Садыр Жапаровдун Баткен облусунун Зардалы айылына болгон иш сапарынын алкагында, айылга жалпы кубаттуулугу 29 мегаватт болгон, 6,31 гектар аянтты камтыган Чакан ГЭС куруу тапшырмасы коюлган.

Бул долбоор 6,31 гектар аянтына курулуп, Зардалы дарыясынын жайылмасында жайгаштырылмакчы. Президенттин тапшырмасына ылайык, Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” тарабынан 2024-жылдын 14-октябрында алыскы Зардалы айылын электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында жер тилкесин ижарага берүү укугу боюнча конкурс өткөрүлдү.

Конкурстун жыйынтыгы боюнча ЖЧК “Ак-Буура Групп” компаниясы жеңүүчү болуп аныкталды. Алдын ала даярдык иштери башталып, компания 1 590 612 324 сом. инвестиция салып, Зардалы айылына чакан ГЭС курууну пландап жатат.

Бул долбоордун негизги максаты – Баткен облусунун алыскы айылдарын электр энергиясы менен туруктуу камсыз кылуу. ГЭС ишке киргенден кийин Зардалынын тургундары электр энергиясы менен камсыз болушат. Айрыкча, бул аймакта жайгашкан чек ара заставасы үчүн да чоң мааниге ээ. Азырынча застава дизелдик генераторлор менен камсыздалып жатат, бирок ГЭС ишке кирген соң, электр линиялары бул социалдык маанилүү объекттерге алгачкы кезекте тартылат.

Долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.