Министрлер Кабинетине караштуу 'Жашыл энергетика фонду' тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча 53,536,256,804 сом жашыл энергетика тармагына инвестиция салынат
2024-жылдын 21-октябрында Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерацияны көбөйтүү максатында 17 лот- жер тилкесин ижаралоо укугу боюнча конкурс өткөрдү. Бул сынак энергиянын кайра жаралуучу булактарына багытталган бир катар стратегиялык долбоорлорду камтыды. Конкурска жалпысынан 31 компания катышып, жыйынтыгында 15 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Жеңүүчүлөр жана объектилери төмөнкүдөй:
1. ОсОО “ЛВ ЗИЮАН” – 500 000 000 сом, кубаттуулугу 500 МВт. Жер тилкеси: 1020 га, Баткен облусунун Кадамжай району, Молдо-Нияз айыл аймагы.
2. ОсОО “Чанжун” – 42,500,000,000 сом, кубаттуулугу 500 МВт. Жер тилкеси: 800 га, Баткен облусунун Кадамжай району, Молдо-Нияз айыл аймагы.
3. ОсОО “Жашыл Тилек” – 4,535,600,000 сом , кубаттуулугу 80 МВт. Жер тилкеси: 100 га, Баткен облусунун Лейлек району, Тогуз-Булак айыл аймагы.
4. ОсОО “Ак-Суу Энергоресурс” – 85 000 000 сом, кубаттуулугу 1,4 МВт. Жер тилкеси: 0,7 га, Ынтымак айыл аймагы, Жайыл району, Чүй облусу.
5. ОсОО “Жарлы Каинды” – 467,500,000 сом, кубаттуулугу 5 МВт. Жер тилкеси: 0,379 га, Панфилов району, Чүй облусу.
6. ОсОО “Интер Энержи” – 315,196,099 сом, кубаттуулугу 4,8 МВт. Жер тилкеси: 3 га, Баткен шаары, Баткен облусу.
7. ОсОО “Турду” – 242,250,000 сом, кубаттуулугу 1,8 МВт. Жер тилкеси: 1,8 га, Озгоруш айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
8. ОсОО “Кок-Бел Энерго” – 328,848,510 сом, кубаттуулугу 2 МВт. Жер тилкеси: 3,44 га, Кара-Кол шаары, Жалал-Абад облусу.
9. ОсОО “Мурас Капитал” –131,750,000 сом, кубаттуулугу 2,5 МВт. Жер тилкеси: 3,58 га, Кичи-Алай, Араван району, Ош облусу.
10. ОсОО “Гидро Энергия Ак-Буура” –191,250,000 сом, кубаттуулугу 2 МВт. Жер тилкеси: 1,68 га, Добо-Коргон айылы, Ош облусу.
11. ОсОО “Смарт ГЭС” – 21,675,000 сом, кубаттуулугу 500 кВт. Жер тилкеси: 0,072 га, Кожоке айылы, Ноокат району, Ош облусу.
12. ОсОО “Кыргыз Каганат” – 1,530,000,000 сом, кубаттуулугу 18 МВт. Жер тилкеси: 3,2 га, Ит-Агар аймагы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
13. ОсОО “Энерго-проект” – 52,187,195 сом, кубаттуулугу 0,66 МВт. Жер тилкеси: 1,48 га, Бештерек айылы, Өзгөн району, Ош облусу.
14. ОсОО “Кенч ЛТД Кей Джи” – 212,500,000 сом, кубаттуулугу 3,8 МВт. Жер тилкеси: 2,46 га, Кара-Суу, Кара-Суу району, Ош облусу.
15. ОсОО “Кайнама ГЭС” – 510,000,000 сом, кубаттуулугу 5 МВт. Жер тилкеси: 0,25 га, Кара-Суу айылы, Токтогул району, Жалал-Абад облусу.
Бул конкурстун жыйынтыгы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыкка карай жасаган маанилүү кадамы болуп саналат.
Өлкөнүн энергетика тармагын өнүктүрүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу менен келечек муундарга туруктуу жана экологиялык жактан таза чөйрө түзүүгө чоң салым кошот.