Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Министрлер Кабинетине караштуу 'Жашыл энергетика фонду' тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча 25 469 071 068 сом жашыл энергетика тармагына инвестиция салынат

16.10.2024, 13:51
85

Министрлер Кабинетине караштуу 'Жашыл энергетика фонду' тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы боюнча 25 469 071 068 сом жашыл энергетика тармагына инвестиция салынат

2024-жылдын 14-октябрында Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жана генерацияны көбөйтүү максатында 8 лот- жер тилкесин ижаралоо укугу боюнча конкурс өткөрдү. Бул сынак энергиянын кайра жаралуучу булактарына багытталган бир катар стратегиялык долбоорлорду камтыды. Конкурска жалпысынан 9 компания катышып, жыйынтыгында 5 лот жер тилкеси боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчүлөр жана долбоорлор:

Чакан ГЭС (6,31 га) – ЖЧК "Ак-Буура Групп" компаниясы жеңүүчү деп табылып, алыскы Зардалы айылына чакан гидроэлектр станциясын куруу иштерин жүргүзмөкчү.

Күн электр станциясы (147,7 га, Талас облусу, Талас району) – ЖЧК "Суу энержи" компаниясы бул участканы утуп чыгып, күн электр станциясынын курулушуна даярдык көрүүдө.

Чакан ГЭС (1,64 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – ЖЧК "Афлатун" компаниясы Афлатун чакан гидроэлектр станциясын курат.

Чакан ГЭС (1,63 га, Жалал-Абад облусу, Аксы району) – Бул участкага дагы ЖЧК "Афлатун" компаниясы ээлик кылып, гидроэлектр станциясы курулат.

Күн электр станциясы (344,3 га, Чүй облусу, Кемин району, Чым-Коргон а/о) – ЖЧК "ИК Новая энергия Инбао" компаниясы күн электр станциясын куруу укугуна ээ болду.

Ошондой эле, конкурстун төмөнкү лоттору боюнча катышуучулар болбогондуктан же талаптарга ылайык келбегендиктен өткөрүлгөн жок:

Лот №1: Чакан ГЭСти куруу үчүн Жалал-Абад областынын Майлуу-Суу шаарындагы Горняцкая көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 2,7 га жер тилкеси (и/н. 3-13-01-0003-0283) катышуучу болбогондуктан конкурс өткөрүлгөн жок.

Лот №2: Чакан ГЭСти куруу үчүн Ош областынын Чоң-Алай районундагы Дароот-Коргон айылында, жалпы аянты 13,47 га жер тилкеси (и/н. 5-07-01-0012-0504) боюнча да катышуучу болбогондуктан конкурс өткөрүлгөн жок.

Лот №4: Күн электр станциясын куруу үчүн Чүй облусунун Панфилов районундагы Фрунзе айыл өкмөтүндө жайгашкан жалпы аянты 23,43 га жер тилкесине бир эле компания катышкандыктан, конкурстун талаптарына ылайык бул лот боюнча конкурс да өткөн жок.

Бул конкурстун жыйынтыгы өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыкка карай жасаган маанилүү кадамы болуп саналат.

Өлкөнүн энергия тармагын өнүктүрүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдалануу менен келечек муундарга туруктуу жана экологиялык жактан таза чөйрө түзүүгө чоң салым кошот.