Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси У.А.Марипов менен жолугушуу өткөрүштү
2025-жылдын 24–25-августунда Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчилигинин колдоосу менен “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин директору Э.Б. Орозбаевдин Эр-Рияд шаарына иш сапары уюштурулду.
Кыргыз Республикасынын Сауд Араб Падышачылыгындагы Элчилигинде Марипов Улугбек Асамидиновичтин катышуусундагы жолугушууда Кыргызстанда күн электр станцияларын куруу жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланып, ошону менен бирге, Кыргызстанда жашыл өнүктүрүү артыкчылыктуу багыттарынын бири болгондуктан, саудиялык энергетика жаатындагы компаниялары, алардын ичинен “Fas Renewable Energy” компаниясы менен байланыштарды чыңдоо маселелери каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тыгыз байланыш менен бирге, энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өркүндөтүү макулдашылды