Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында жер участкаларды энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн берүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму өттү

27.08.2025, 17:00
122

2025-жылдын 27-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунда энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча конкурстук комиссиянын отуруму өткөрүлдү. Конккурска катышуу үчүн конкурстук өтүнмө 14 субъекттен келип түштү. 

Конкурстук комиссиянын курамына Жашыл энергетика фондунун жана  төмөнкү чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү кирет: ирригация; энергетика; архитектура жана курулуш; токой ресурстары; жаратылыш ресурстары; маданият, маалымат; энергетика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу электр энергетикалык компаниянын.

Конкурстук комиссиянын отурумунда 8 лотко түшкөн конкурстук өтүнмөлөр каралды, анын жыйынтыгында бардык лотторго жеңүүчүлөр аныкталды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтому менен бекитилген “Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык, Фонд тарабынан конкурстун ар бир лоттун жеңүүчүсү менен ЭКБ объекттерин куруу үчүн жер участогун өткөрүп берүүнүн келишими түзүлөт. 

Маалымат катары: Конкурс тууралуу маалымат «Эркин - Тоо» расмий мамлекеттик гезитине (25-июль 2025-жыл №55 (3711) жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун расмий сайтына  2025-жылдын 25-июлунда жарыяланган.