Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Э.Б. Орозбаев Кытай Эл Республикасында мүмкүн болуучу инвесторлор менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Э.Б. Орозбаев Кытай Эл Республикасында Кыргыз Республикасынын энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) чөйрөсүнө инвестиция салууга кызыкдар болгон бизнес-коомчулук менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулар төмөнкү ири компаниялар менен өткөрүлдү:
- «Jiangsu Zhonglai Energy Technology Development Group» компаниясы;
- "Чжунцзэньэн" корпорациясы;
- «Электроника 11th Design Institute Technology Engineering Co., Ltd.» компаниясы;
- «Tianjin EDRI International Technology Co., Ltd.» ЖЧКсы;
- «First New Energy Co. Ltd» ЖЧКсы жана башка компаниялар.
Э.Б. Орозбаев Жашыл энергетика фондунун негизги иш багыттары жөнүндө айтып берип, Кыргызстандагы кайра жаралуучу энергия булактарына болгон кызыгуу күн санап өсүп жаткандыгын, бул келечекте жалпы региондун "жашыл" трансформациясына өбөлгө түзө тургандыгын белгиледи.
Даг бир ирет Кыргызстан ЭКБ өнүктүрүүдө ири потенциалга ээ жана ЭКБ объекттерин куруу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, келечекте электр энергиянын жетишпестигин жоюуга жана өлкө боюнча генерацияны көбөйтүүгө багытталандыгына токтолду.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасындагы ЭКБ тармагындагы мыйзамдар жана долбоорлорду ишке ашыруунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берди.
Директор кытайлык инвесторлорду ЭКБ секторунда кызматташууга чакырып, Кыргызстандагы жашыл экономиканын өнүгүшүнө салым кошууга үндөдү.