Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунда ЕБ SECCA долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу
Негизги максаты энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө тараптардын ортосунда кызматташууну түзүү болгон, Тбилиси шаарында (Грузия) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду (Жашыл энергетика фонду) менен Грузиянын Энергетиканы өнүктүрүү фондунун ортосунда 2023-жылдын 17-ноябрында кол коюлган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга ылайык, энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө долбоорлорду өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча иштер алгылыктуу жүргүзүлүп жатат.
Жашыл энергетика фонду Бишкек шаарында (Кыргызстан) Европа Биримдигинин “Борбордук Азиядагы туруктуу энергетикалык байланыштар” долбоору (мындан ары – СЕККА долбоору) менен биргеликте «Каракол-1» кичи ГЭСти куруу үчүн алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштерди жүргүзүп, ошондой эле Фонд жана SECCA долбоорунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды уюштурууда.
Буга чейин 2025-жылдын 4-февралында Бишкек шаарында Жашыл энергетика фонду SECCA долбоору менен бирге тегерек стол өткөрүп, анда “Каракол-1” кичи ГЭСинин курулушунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин презентациялары, SECCA долбоорунун жана Грузия Фондунун презентациялары сунушталган, Жашыл энергетикалык фонду менен SECCA долбоорунун өкүлдөрүнүн эки тараптуу, ошондой эле Грузиянын энергетиканы өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү менен жолугушуулары болуп өткөн.
2025-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында Жашыл энергетикалык фонддо Фонддун директору Эмилбек Баатыралиевич Орозбаевдин катышуусу менен SECCA долбоорунун миссиясы менен анын жетекчиси Паата Джанелидзенин, долбоордун эксперттери Ильзе Пуринянын, М.А. Чолпонкуловдун, ошондой эле Жашыл энергетика фондунун долбоор менеджери М.С.Асанкулованын катышуусунда «Каракол-1» кичи ГЭСин куруунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесинин жыйынтыктарын, ошондой эле кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулоо боюнча жолугушуу өткөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду SECCA долбоорунун командасына үзүрлүү ишине жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн терең ыраазычылыгын билдирет, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү чөйрөсүндө инвестициялар үчүн шарттарды түзүүгө жана мындан ары да кызматташууну улантат.