Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду тарабынан Баткен облусунун аймагына кубаттуулугу 600 МВт болгон күн электр станциясын куруу боюнча келишимге кол коюлду
2025-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун Кытай Эл Республикасына расмий иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Э.Б. Орозбаев жашыл технологиялар чөйрөсүндө адистешкен “China Energy Conservation and Environmental Protection Group” кытай компаниясынын “CECEP Solar Energy Co. LTD” туунду компаниясынын жетекчилери жана өкүлдөрү менен Тяньцзинь шаарында жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын кеңири ишмердүүлүгү, алардын Кытай Эл Республикасынын аймагында гана эмес, КМШ өлкөлөрүндө да жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат берилди. Ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары (ЭКБ) тармагында мындан ары кызматташуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Кытайлык “CECEP Solar Energy Co. LTD” компаниясы Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Татыр айыл аймагынын 1232,70 гектар жер тилкесине күн электр станциясын куруу долбоору боюнча “Ак-Татыр Энерго” ЖЧКсынын негизги инвестору болуп саналат. Күн электр станциясынын болжолдуу кубаттуулугу 600 МВтты түзөт.
Бул жолугушуунун алкагында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекеме менен “Ак-Татыр Энерго” ЖЧКсынын ортосунда ЭКБ объектисин куруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү келишимине кол коюлду.
ЭКБ объектисин куруу үчүн жер тилкесин өткөрүп берүү келишимине кол коюу — бул ЭКБ чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгы болуп эсептелет.
Бул долбоор Борбор Азиядагы эң ири ЭКБ долбоорлорунун бири боло тургандыгын белгилеп кетүү зарыл. Аны ишке ашыруу Кыргызстанды салттуу энергия булактарынан көз карандылыктан арылтууга, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана климаттык милдеттенмелерди колдоого багытталган. Ошондой эле бул долбоор жергиликтүү калк үчүн жаңы жумушчу орундарын түзүп, бүтүндөй Баткен облусунун инфраструктурасынын өнүгүшүнө салым кошот.