«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси Улуттук тазалык күнүнө карата жалпы республикалык ишембиликке катышты
2025-жылдын 20-сентябрында «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин жетекчилиги жана кызматкерлери Улуттук тазалык күнүнүн алкагында талаптагыдай санитардык абалды жана туруктуу тазалыктын сакталышын камсыз кылуу максатында, жалпы республикалык ишембиликке катышышты.
Ишембиликтин жүрүшүндө, Жашыл энергетика фонду ээлеген жана ага бекитилген аймакты жалбырактардан, курулуш жана башка таштандылардан тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, сентябрдын үчүнчү ишембиси жана апрелдин үчүнчү ишембиси Улуттук тазалык күнү катары белгиленип жана ал жыл сайын республиканын бүткүл аймагында өткөрүлөт.