“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемеси тарабынан электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууларга кол коюлду
Бүгүн, 2025-жылдын 14-августунда, Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан VII Кыргыз -Россия экономикалык форумдун ишинин жүрүшүндө “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемеси тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу жана эксплуатациялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө инвестициялык макулдашуулардын алкагында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттери иштеп чыгуучу электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча алгачкы макулдашууларга эки россиялык компаниялары менен кол коюлду.
Макулдашууларына кол коюлган компаниялар:
- «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсы («Росатомдун» шамал энергетикасы боюнча дивизионуна кирет). Компания,Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 МВт болгон шамал электростанциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырат;
- «Бишкек Солар» ЖЧКсы, компания Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электростанциясын куруу боюнча долбоорду ишке ашырат.
Электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду тарабынан директору Э.Б. Орозбаев, «НоваВинд Кыргызстан» ЖЧКсы тарабынан башкы директору Д.В. Андреев, «Бишкек Солар» ЖЧКсы тарабынан директору М.В. Федько кол коюшту.
Фонддун директору Э.Б. Орозбаев, өз сөзүндө: «Фонд, Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу боюнча долбоорлорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт, ошондой эле инвесторлорго зарыл болгон жардам берип келет. Бүгүнкү күнү электр энергиясын кепилденген сатып алуу боюнча макулдашууларга кол коюлушу - энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду өнүктүрүүдө алдыга карай дагы бир кадам. Фонд ар дайым жемиштүү жана натыйжалуу кызматташууга даяр” – деп, белгиледи.
Жаңы технологиялардын пайда болушунан улам, дүйнөлүк энергетика да өзгөрүүдө, бүткүл дүйнө жүзүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу ылдамдык менен өсүүдө, энергонатыйжалуулук жогорулап, жаңы технологиялар өнүгүүдө. Кыргызстан энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүдө ири потенциалга ээ жана ЭКБ объекттерин куруу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы, келечекте электр энергиянын жетишпестигин жоюуга жана өлкө боюнча генерацияны көбөйтүүгө жардам берет.