“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОНДУ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү объектилерди курууга жер тилкелерди өткөрүп берүү укугуна конкурс жарыялайт.
Лот № 1 Күн электр станциясын (КЭС) куруу.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Тогуз-Торо району, Каргалык а/а, Жетиген участогу, жалпы аянты 30 га (идент. номер 5-07-01-0012-0504);
Лот № 2: Күн электр станциясын (КЭС) куруу.
Жайгашкан жери: Баткен облусу, Кадамжай району, Ак-Турпак айыл аймагы, Ак-Турпак айылы, жалпы аянты 761,1 га (идент. номери: 8-02-06-0020-0210);
Лот № 3: Күн электр станциясын (КЭС) куруу.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Сузак району, жалпы аянты 6,92 га (идент. номери: 3-05-09-0013-0494);
Лот № 4: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Ош облусу, Кара-Кулжа району, Ой-Тал айыл өкмөтү, Сары-Бээ айылы, жалпы аянты 0,30 га (идент. номер: 5-03-02-0005-0589);
Лот № 5: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, К.Ж.Жумаев атындагы Каракол токой чарбасы, жалпы аянты 13,48 га;
Лот № 6: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз токой чарбасы, Жергез токойчулугу, жалпы аянты 9,47 га;
Лот № 7: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Токтогул токой чарбасы, жалпы аянты 0,79 га;
Лот № 8: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, жалпы аянты 11,9 га (идентификациялык номер: 2-01-19-0005-0060);
Лот № 9: Кичи ГЭС куруу.
Жайгашкан жери: Баткен облусу, Кадамжай району аймагында жайгашкан Токой кызматына караштуу Уч-Коргон токой чарбасы, жалпы аянты 2,3 га.
Конкурс 2026-жылдын 11-февраль саат 14:00, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында өтөт.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 2026-жылдын 9-февраль күнү саат 18.00 гө чейин, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна тапшыруу керек.
Конкурстун шарттары жөнүндө кеңири маалымат, конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан, мекеменин расмий сайтынан, социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан, ошондой эле 66-00-62, 66-00-63 телефон номерлери аркылуу таанышса болот.