“КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ «ЖАШЫЛ ЭНЕРГЕТИКА ФОНДУ” МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕСИ Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү объектилерди курууга жер тилкелерди өткөрүп берүү укугуна конкурс жарыялайт.
Лот № 1 Күн электр станциясын курууга.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кош-Дөбө a/о Сары-Жайык участкасы, жалпы аянты 364.4 га, (иден. номери 3-03-04-0050-0031);
Лот № 2 Чакан ГЭС курууга.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусунун, Аксы районунун Кара-Камыш a/а, Аркыт токой чарбасы, Аксы райондук чарбасы жалпы аянты 4,02 га;
Лот № 3 Чакан ГЭС курууга.
Жайгашкан жери: Ош облусу Узген району, Ийри-Суу, а/а, с. Чангет, жалпы аянты 4,6 га, (иден.номери 5-06-20-0011-0864);
Лот № 4 Чакан ГЭС курууга.
Жайгашкан жери: Жалал-Абад облусунун Токтогул району, Ак-Булак дарыясы. жалпы аянты 14,5 га.
Конкурс 2025-жылдын 14-октябрында саат 14:00 өткөрүлөт, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун имаратында өтөт.
Конкурска катышууну каалагандар документтерин 2025-жылдын 13 октябрынын күнү саат 18:00 чейин, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна тапшыруу керек.
Конкурстун шарттары жөнүндө кеңири маалымат, конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан, мекеменин социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан, ошондой эле 66-00-62, 66-00-60 телефон номерлери аркылуу таанышса болот.