Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду кайра жаралуучу энергиянын субъекттери менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер тилкелерин пайдалануу боюнча келишимдерге кол койду

10.07.2025, 13:10
161

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду”мамлекеттик мекемесиндеЭКБ субъекттери менен чакан ГЭСтерди куруу үчүн жер тилкелерди пайдаланууга берүү келишимдерге кол коюлду

 

 

Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын (ЭКБ) чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча 2025-жылдын 26-июнундагы конкурстун жыйынтыгында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемеси менен ЭКБ субъекттеринин ортосунда чакан ГЭСтерди куруу боюнча долборлорду жүзөгө ашыруу үчүн жер участокторду өткөрүп берүү келишимдерине кол коюлду.

2025-жылдын 26-июнундагы конкурстун жеңүүчүлөрү Чүй облусунун Панфилов, Жайыл, Жалал-Абад облусунун Сузак, Ош облусунун Алай райондорунда, ошондой эле Талас облусундагы жер участокторго  ЭКБ долбоорлорун ишке ашырат. 

Компаниялар Келишимге ылайык, 3-4 жылдын ичинде техникалык документтерди даярдап, чакан ГЭСтерди куруу иштерин башташат. Бул чакан ГЭСтердин баары инвесторлордун, гранттардын жана жеке жактардын эсебинен курулат.

Учурда, Фонд түзүлгөндөн тартып 2023-2025-жылдар ичинде ЭКБ объекттерин курууну ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча конкурстук комиссиянын отурумдары өткөрүлүп келет, анын жыйынтыгында ЭКБ долбоорлорун ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү ижара келишими конкурстун жеңүүчүсү менен түзүлөт. Жер участогун 15 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүү келишими «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык Жашыл энергетика фонду менен субъекттин (жеңип алган компаниянын) ортосунда түзүлөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн багытталган жерлерди берүү маселелери жөнүндө” 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 62 Жарлыгын аткаруу максатында жана “Кыргыз Республикасындагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” 2023-жылдын 24-июлундагы ПЖ № 178 Жарлыгын эске алып, Жашыл энергетика фонду тарабынан ЭКБ курууга жарактуу жерлерди трансформациялоо жана мөөнөтсүз пайдаланууга берүү, ошондой эле ЭКБ объекттерин куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу үчүн жергиликтүү администрациялардын карамагындагы жер участокторун инвентаризация иштери жүргүзүлүүдө.