Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Кичи ГЭС «Жерүй» курулушунун башталышына арналган капсула салуу аземи тууралуу

02.04.2026, 17:54
21

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси, директордун орун басары Бердалиев Бакытбек Нурлановичтин катышуусунда Талас облусунда Чоң-Чычкан жана Туз-Ашуу дарыяларында кубаттуулугу 28 МВт болгон «Жерүй» кичи гидроэлектростанциясынын курулушунун башталышына арналган капсула салуу аземине катышты.Аталган долбоор энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө, өлкөнүн энергетикалык туруктуулугун жогорулатууга жана жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга багытталган. «Жерүй» кичи гидроэлектростанциясын ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого олуттуу салым кошот.Бул иш-чара жашыл энергетиканы өнүктүрүү жана өлкөнүн туруктуу келечегине карай маанилүү кадам болуп саналат.