Фонддун директору 2025-жылдын 25-29-сентябрында Москва ш. уюшурулган Дүйнөлүк атом жумалыгына катышты
Россиянын атом өндүрүшүнүн 80 жылдыгына арналган мааракесинин алкагында МАГАТЭнин колдоосу менен 2025-жылдын 25-29-сентябрында Москва шаарында Дүйнөлүк атом жумалыгы өттү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Орозбаев Эмилбек Баатыралиевич чакырылып, катышып келди.
Форумдун иш бөлүгүндө «Энергобаланс компромисстерсиз: атом + ВИЭ = келечектин формуласыбы?» тегерек стөлдө кызыкдар тараптардын катышуусу менен пленардык талкуулоо жана сессиялар жүргүзүлдү.
Форумдун иш бөлүгүндө Фонддун директору Э.Б. Орозбаев Кыргыз Республикасынын энергетикадагы потенциалы жана Кыргыз Республикасындагы ЭКБ жөнүндө баяндап берди.
Борбор Азия региону кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү үчүн ири потенциалга ээ. Күн ресурстарга бай, ири шамал зоналар, чакан гидроэнергетиканын мүмкүнчүлүктөрү - туруктуу жана көз карандысыз энергетикалык системаны түптөөгө жол ачат.
Жашыл энергетиканы өнүктүрүү, атомдук энергияны тынчтык жана жогорку технологиялык өнүгүү үчүн пайдалануу, кайра жаралуучу энергия булактарынын потенциалын өнүктүрүү маселелеринин актуалдуулугу жана талапка ээ болушу жашыл энергетиканы өнүктүрүү, инвестицияларды тартуу, эл аралык өнөктөштөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, кычкылтектин изин азайтуу боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн артыкчылыктуу болуп саналат.