Чүй облусунун Кемин районунда Кыргызстандагы алгачкы кубаттуулугу 100 мегаватт болгон биринчи күн электр станциясын ишке берилди.
24.12.2025, 15:15
110
2025-жылдын 24-декабрында Чүй облусунун Кемин районунда Кыргызстандагы алгачкы күн электр станциясы расмий түрдө ишке берилди. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышты.
Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду да катышты.
Күн электр станциясынын кубаттуулугу 100 МВт, ал жылына 210 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрө алат. Долбоор энергия коопсуздугун камсыздоого жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө багытталган.
Долбоорду «Этернал Энергия» компаниясы ишке ашырып, курулушка 56 млн АКШ доллары инвестиция салды.