Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Борбор Азия жана Европанын декарбонизациянын дипломатиясы боюнча Экинчи регионалдык форуму, Астана ш., Казакстан

22.09.2025, 16:59
93

Казакстан Республикасынын Астана шаарында 2025-жылдын 16-сентябрында Борбор Азия жана Европанын декарбонизациянын дипломатиясы боюнча Экинчи регионалдык форумга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун өкүлдөрү катышты. Форум «Борбоордук Азиянын кайра жаралуучу энергия булактары»  GIZ долбоорунун көмөктөшүсү менен уюштурулган.

Бул форумда талкууланган негизги темалар жана маселелер Борбор Азия жана Кавказ аймагында жашыл суутектин келечеги, декарбондоштуруунун жана экономикаларды диверсификациялоонун маанилүүлүгү, суутекке байланыштуу саясатты жана сертификацияны шайкеш келтирүүнүн зарылдыгы, ошондой эле улуттук суутек стратегияларын жана экспорттук потенциалды кароо болду.

Форумда Кыргыз Республикасы үчүн, анын ичинде Фонддун өкүлдөрү үчүн талкууланган маселелер стратегиялык жактан маанилүү жана олуттуу болуп саналат, анткени бул маселелер жалпы региондо жана Кыргыз Республикасында жашыл долбоорлорду колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган региондук өнүгүү маселелерине тиешелүү.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасы, Тажикстан Республикасы, Өзбекстан Республикасы, Казакстан Республикасы, Армения Республикасы жана Россия Федерациясынан өкмөт өкүлдөрү, улуттук энергетикалык компаниялар, изилдөө институттары жана бизнес өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле, Форумга Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун өкүлдөрү катышты: Асаналиева А.Б., Асанкулова М.С., Жапаркулова М.К.
 GIZ Казакстан жана Кыргыз Республикасы боюнча өкүлчүлүгү, ошондой эле GIZдин “Борбор Азияда кайра жаралуучу энергия булактары” долбоору декарбондоштуруу жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү боюнча билим берүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып, регионалдык кызматташтыкты жайылтууга жана интеграциялоого шарт түздү.