Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Борбор Азия өлкөлөрүндө кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү боюнча семинар

01.10.2025, 11:43
187

Борбор Азия өлкөлөрүндө кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү боюнча семинар

2025-жылдын 1-3-октярбрында Ысык-Көл облусунда Евразия өнүктүрүү банкы (EӨБ) Жашыл энергетика фондунун жана өнөктөш уюмдардын колдоосу менен биргеликте, кайра жаралуучу энергетика жана региондогу өлкөлөрдүн туруктуу энергетиканын келечеги маселелерине арналган регионалдык семинар өткөрүүдө.   

Семинар, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана чектеш мамлекеттердеги  өнөктөштөрдүн ортосунда тажрыйба менен алмашууга, мамлекеттик органдар, менчик сектор, эксперттик коомчулук жана эл аралык уюмдардын ортосундагы диалогду өнүктүрүүгө багытталган. Сектордун инвестициялык жагымдуулугу, заманбап технологияларды киргизүү жана энергетикадагы өтүүнүн биргелешкен стратегиясын түптөө маселелерине өзгөчө көңүл  бурулат.

Семинардын ачылышында Жашыл энергетика фондунун директору Орозбаев Эмильбек Баатыралиевич сөз сүйлөдү. 

Иш-чарага төмөндө көрсөтүлгөн өкмөттөрүнүн, улуттук энергетика компанияларынын, изилдөө институттарынын жана бизнестин өкүлдөрү катышууда:

• Кыргыз Республикасынын,

• Тажикистан Республикасынын,

• Өзбекстан Республикасынын,

• Казакстан Республикасынын,

• Армения Республикасынын,

• Россия Федерациясынын.

Ошондой эле, семинарга эл аралык эксперттер, инвесторлор жана экологиялык уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. 

Үч күндүк семинардын жүрүшүндө төмөнкү негизги темалар каралат:

• Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кайра жаралуучу энергетиканын абалы жана дарамети (күн, шамал, чакан гидро- жана биоэнергетика);

• “Жашыл” долбоорлорду өнүктүрүүдө эл аралык финансылык институттардын ролу;

• Инновациялык технологиялар жанаэнергетика секторунун санариптештирүүсү;

• Региондогу ийгиликтүү долбоорлордун жана инвестициялык кейстердин презентациясы;

• Туруктуу өнүгүү саясаты: кайра жаралуучу энергиянын улуттук стратегияларга интеграциясы;

• Катышуучу-мамлекеттердин ортосундагы аймактык кызматташтык жана тажрыйба менен алмашуу. 

Өзгөчө көңүл жеке инвестицияларды тартуу, эл аралык өнөктөштөр үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоо, кычкылтектин изин азайтуу маселелерине бурулат.   

Борбор Азия региону кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү үчүн ири потенциалга ээ. Күн ресурстарга бай, ири шамал зоналар, чакан гидроэнергетиканын мүмкүнчүлүктөрү - туруктуу жана көз карандысыз энергетикалык системаны түптөөгө жол ачат. 

Ысык-Көлдөгү семинар кызматташтыкты бекемдөө жана региондогу өлкөлөрдүн “жашылга” өтүү жолуна түшүүгө даярдыктарын көрсөтүү үчүн зарыл платформа болууда.