Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү — өлкөнү өнүктүрүү" аталыштагы 2-чи инвестициялык форум болуп өттү

12.10.2024, 17:51
45

2024-жылдын 12-октябрында Баткен шаарында «Баткендин өнүгүүсү – өлкөнүн өнүгүүсү» аттуу II инвестициялык форум болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу "Жашыл энергетика фондунун" кызматкери Данияр Абдыбеков катышып, №1 панелдик сессияда «Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктары: азыркы жана келечеги» темасында баяндама жасап, «Кыргыз Республикасынын жашыл энергетикасын өнүктүрүүнүн потенциалы жана келечеги» тууралуу сөз сүйлөдү.

Форумдун алкагында Баткен облусунун инфраструктурасын, туризмди, агро өнөр жай комплексин, энергетика жана башка маанилүү тармактарын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Форумга бир катар жогорку даражалуу жетекчилер катышып, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин биринчи орун басары А. Касымалиев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Алимбаев катышты.

Өз сөзүндө Данияр Абдыбеков "Жашыл энергетика фондунун" ишмердүүлүгүн тааныштырып, бизнес өкүлдөрүн, эл аралык инвесторлорду жана жергиликтүү муниципалдык структураларды фонд менен кызматташууга чакырды. Ал өлкөбүздүн жашыл энергетикасын өнүктүрүү Кыргызстан үчүн туруктуу экономикалык өсүштүн чоң мүмкүнчүлүктөрүн түзөрүн баса белгиледи.