Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Азия өнүктүрүү банкы ЭКБ объектисин куруу боюнча долбоорду жүзөгө ашыру үчүн жер аянтчаларын аныктоо иштерин жүргүзүп жатат

13.06.2025, 11:00
113

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасында "жашыл чечимдерди жана технологияларды" өнүктүрүү боюнча Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) менен үзгүлтүксүз кызматташууну жүзөгө ашырат.

 

Республикада жашыл энергетиканы өнүктүрүүнү колдоонун жана өлкөгө жардам көрсөтүүнүн алкагында АӨБ шамал жана күн электр станциялары сыяктуу ЭКБны өнүктүрүү жаатында пилоттук долбоорду даярдоого техникалык жагынан жардам көрсөтүүнү жактырды. Жашыл энергетика фонду менен алдын-ала макулдашуунун жана АӨБнын потенциалдуу жер тилке берүү өтүнүчүнүн негизинде, Чүй облусунун жана Талас облусунун жер тилкелерин аныктоого жеринде  көрүү үчүн иш сапар уюштурулду.

 

ЭКБ объектисинин курулушунун долбоордук техникалык аянтчаларын карап чыгуу жана потенциалдуу шамал электрстанцияларын жайгаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн иликтөө үчүн Чүй облусунун Кемин районунун Жер-Алгы айылына жана Талас облусунун Талас районунун Талды-Булак айылына караштуу жер тилкелери координаттык чекиттерге жана шамалдын потенциалдуу зоналарынын карталарына ылайык тандалып алынган.

 

Жер аянтчаларын карап чыгуу боюнча эксперттик топтун курамына АӨБдүн өкүлдөрү: АӨБдүн эл аралык консультанты Маттиас Холцер мырза, техникалык консультанты Самат Сукеналиев, ошондой эле Жашыл энергетикалык фонддун долбоор менеджери Асанкулова Марина, НЭСКтин өкүлү – ПТОнун жетектөөчү адиси Чубаков Адилет, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, жер маселелери жана токой чарба боюнча адистери кирген.

 

Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-июнунда Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын жардамы менен Жер ресурстары, кадастр жана картография мамлекеттик агенттигинин Кемин филиалынын адиси Кайбидинов Адылбек менен биргеликте Кемин районунун Жер-Алгы айылынын тоо жээгиндеги аймагындагы потенциалдуу аянтчалар жана зоналар каралган.

 

Ошондой эле, 11-июнунда Талды-Булак айылында Талас районунун акиминин биринчи орун басары Э.Т.Тажиканов, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Жолдошев, ошондой эле Жер ресурстары, кадастр жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Талас облусундагы филиалынын жетекчиси С.А. Орозалиев,  “Кыргызгипрозем” мамлекеттик институтунун Талас филиалынын өкүлү М.Д Бакеева,  Талды-Булак, Каракол, Чоң-Алыш айыл өкмөттөрүнүн башчылары, ошондой эле Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин, Талас токой чарбасынын өкүлдөрү, жер маселелери жана токой чарба боюнча адистеринин катышуусунда кеңейтилген көчмө жыйын болуп өттү, 

 

Потенциалдуу аятчаларды техникалык жагынан кароо бир нече координаттык чекиттерди, шамалдын карталарын эске алуу менен, жергиликтүү уюмдардын өкүлдөрү менен биргеликте Өтмөк ашуусунда, Талды-Булак айылында жана Талас районунда жүргүзүлгөн.

 

Шамал жерлеринин зоналары жана жайгашуусунун, энергиянын кайра жаралуучу булактарын жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү бар аянтчалардын алдын ала карталары түзүлдү. Ошондой эле потенциалдуу жер тилкелери менен туташтырууга мүмкүнчүлүгү бар көмөк электростанцияларга чейинки аралыктар каралды.

 

Бул долбоор Азия өнүктүрүү банкынын, долбоорду толугу менен техникалык жагынан коштогон республикадагы энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы биринчи пилоттук долбоору болуп саналат.. Ошентип, республикада шамал станцияларын орнотууну, экологиялык талаптарды иликтөө, шамалдын күчүн өлчөө жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу менен климатты изилдөө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын потенциалдуу пилоттук долбоору үчүн транспорттук логистиканы деталдуу изилдөө иштери алдыда турат.

 

Долбоорлорду даярдоодо, коштоп жүрүүдө жана аларды ишке ашырууда ири тажрыйбасы бар АӨБдин ушул тажрыйбасын иликтөө жана колдонуу кайра жаралуучу энергетика тармагында чоң мааниге ээ жана жашыл энергетиканы өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат.

 

Кызматташууну мындан ары улантуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду АӨБ менен өз ара иштешүүдо кайра жаралуучу энергиянын долбоорлорун колдоого багытталган жашыл долбоорлор боюнча кызматташуунун башка багыттарын талкуулоого даяр.