2025-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында Жашыл Энергия Фондунун директору Орозбаев Эмилбек Баатыралиевич жана ZOE ENERGY GROUP Төрагасы Хуан Цзюнь кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту,
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду “ZOE ENERGY GROUP” (Zhuoyang Energy Group) компаниясы менен Меморандумга кол коюлду
“ZOE ENERGY GROUP” (Кытай) Компаниясы жаңы энергия булактары тармагында ири тажрыйбага жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын куруу жаатында кесипкөй билимге ээ, ал эми Кыргыз Республикасы олуттуу энергетикалык ресурстарга ээ жана энергияны трансформациялоо зарылчылыгы менен достук консультациялардан кийин тараптар тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу боюнча төмөнкүдөй макулдашууга жетишти.
2025-жылдын 29-апрелинде Бишкек шаарында Жашыл энергетика фондунун директору Орозбаев Эмилбек Баатыралиевич жана “ZOE ENERGY GROUP” компаниясынын төрагасы Хуан Цзюнь мырза тарабынан энергиянын кайра жаралуучу булактарын, анын ичинде шамал жана күн энергия станцияларды куруу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактарынын чөйрөсүндө интеграциялык долбоорлор боюнча стратегиялык келишим болуп саналган кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду.
Маалымат үчүн:
ZOE Energy Group дүйнөлүк түзүмдүн трансформация жаатында иш алып барат жана Кытайдын эң алдыңкы 500 энергетикалык компаниялардын катарына кирет жана жашыл энергитика чойрөсүндөгү чечимдерди глобалдык камсыз кылуучу болуп саналат.
Топ үч багыт боюнча иш алып барат:
• энергиянын кайра жаралуучу булактарынан энергияны генерациялоо;
• энергияны топтоо системалары;
• санарип энергия: Чжэцзян провинциясындагы эң ири жана эң ишенимдүү түз диспетчердик виртуалдык электр станцияларынын операторлорунун бири.