Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

100 МВт түзгөн шамал электростанциясын куруу үчүн жер участогун пайдалануу Келишимине кол коюлду

30.05.2025, 13:00
101

100 МВт түзгөн шамал электростанциясын куруу үчүн жер участогун пайдалануу Келишимине кол коюлду

2025-жылын 30-майында Кыргыз Республикасынын “Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемеси  менен Росатомдун туунду компаниясы «НовоВинд Кыргызстан» ЖЧКсы менен шамал электростанциясын куруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду. Курула турган шамал станциясынын пландаштырылып жаткан объектинин кубаттуулугун 100 МВт,    инвестициясы 120 млн.АКШ долл. түзөт.

 «НовоВинд Кыргызстан» ЖЧКсы 2025-жылдын 12-мартында Фонд тарабынан өткөрүлгөн энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер участогун өткөрүп берүү боюнча конкурстун жеңүүчүсү болуп табылган. Шамал станциясынын курулушу Ысык-Көл облусунун аймагында жүргүзүлүшү пландаштырылууда.

Кыргыз Республикасында энергетикалык дараметин өнүктүрүү максатында Фонд энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин, анын ичинде шамал, күн, чакан гидро электростанцияларды куруу боюнча демилгелерге көмөктөшүп келет.