Конкурстук өтүнмө кайра жаралуучу энергия булагынын объектин куруу үчүн жер тилкесин ижарага алуу укугу боюнча конкурска катышуу үчүн
№ 1 Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
«Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин
Директорунун 2026-жылдын «4» мартындагы буйругуна карата
Конкурстук өтүнмө
кайра жаралуучу энергия булагынын объектин куруу үчүн жер тилкесин ижарага алуу укугу боюнча конкурска катышуу үчүн
Конкурсант:
Мен,______________________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
__________________________________________________________________,
(жеке инсандыгын күбөлөндүрүүчү документ: түрү, сериясы, номери, ким тарабынан жана качан берилген)
төмөнкү негизде иш жүргүзөм: _________________________________________
(ЖЧКнын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүгүнүн реквизиттери)
юридикалык дареги: ________________________________________________
__________________________________________________________________
(шаар, айыл, көчө, үй жана батир №)
ушуну менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемесинин мөөнөтсүз пайдалануу укугунда турган жер тилкесин ижарага алуу келишимин түзүү укугу боюнча конкурска катышуу ниетим бар экендигин билдирем, атап айтканда:
______________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________
(идентификациялык коду, жер тилкесинин аталышы, жайгашкан жери, лоттун №)
Аталган жер тилкеси төмөнкү максатта пайдаланылат:
____________________________________________________________________________________________________________________________________
(КЖЭБ долбоорунун түрү)
Ушул конкурстук өтүнмөгө кол коюу менен макулдугумду билдирем жана төмөнкүлөргө милдеттенем:
- жер тилкесин ижарага алуу келишимин түзүү укугу боюнча конкурска катышууга уруксат алуу үчүн, айыл чарба жоготууларын, алынбай калган пайданы жана жер тилкесинин ижара акысын төлөөгө жетиштүү акча каражаттары банктык эсепте бар экендигин тастыктаган документти (аныктама же эсептен көчүрмө) берүүгө;
- Фонд тарабынан конкурска катышууга уруксат берилген учурда, белгиленген мөөнөттө конкурска катышууга;
- конкурс жеңүүчүсү болуп табылган учурда, ижара келишимин түзүүгө жана Фонд тарабынан жерге жайгаштыруу документациясын иштеп чыгууга (даярдоого) жана жер тилкесин мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндө мамлекеттик акт берүү боюнча тартылган документалдык ырасталган чыгымдарды төлөөгө, ошондой эле ижара келишимин каттоого байланыштуу кийинки чыгымдарды көтөрүүгө;
- башка катышуучу жеңүүчү болгон учурда, Фонд конкурсант тарткан документтерди даярдоо боюнча чыгымдар үчүн жоопкерчилик тартпайт жана аларды компенсациялоо боюнча талаптар коюлбайт.
Бул конкурс эки этаптан турат.
Ушул конкурстук өтүнмөгө тиркелет:
№ 1 конверт. Квалификациялык документтер
– каржылык ресурстардын ырасталышы (каржылык отчеттор, каржылоо булактары жөнүндө маалымат);
– техникалык компетенттүүлүктүн болушу (персонал, лицензиялар, сертификаттар, долбоорлоо/куруу тажрыйбасы);
– салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу.
Өтүнмөгө тиркелет:
– уюмдун толук аталышы жана жайгашкан жери көрсөтүлгөн аныктама (юридикалык дареги, телефон жана башка реквизиттер);
– уставдын жана уюштуруу келишиминин көчүрмөлөрү;
– салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
– өкүлдүн атына берилген ишеним кат;
– эгерде өтүнмө юридикалык жактын жетекчиси тарабынан берилсе, ижара келишимин түзүүгө укук берген документ жана анын кызматтык абалын ырастоочу документ;
– эгерде юридикалык жак шайлануучу коллегиалдык аткаруучу орган тарабынан башкарылса, ижара келишимин түзүүгө макулдук берген тиешелүү чечим;
– өкүлдүн жеке инсандыгын күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү (түп нускасы каттоодо көрсөтүлөт);
– инвестициянын максатын, негизги техникалык жана технологиялык параметрлерин, алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү камтыган алдын ала техникалык-экономикалык негиздеме;
– учурдагы ай үчүн салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынан аныктама;
– жер тилкесинин бир жылдык ижара акысынын өлчөмүндө кепилдик төлөмдүн төлөнгөндүгү тууралуу квитанция.
№ 2 конверт. Техникалык сунуш
– тандалган КЖЭБ технологиясынын сүрөттөлүшүн, техникалык мүнөздөмөлөрүн, долбоорлоо жана куруу пландарын камтыган кеңири техникалык сунуш;
– технологияны тандоонун натыйжалуулук, туруктуулук жана экологиялык стандарттарга шайкештик жагынан негиздемеси;
– негизги этаптардын мөөнөттөрү көрсөтүлгөн календардык план;
– акыркы 3 жылдагы каржылык отчетторду, лицензияларды жана сертификаттарды камтыган каржылык туруктуулукту ырастоочу документтер;
– техникалык сунуш жарыяда көрсөтүлгөн мөөнөттө кагаз жана электрондук түрдө берилүүгө тийиш.
№ 3 конверт. Тарифтик сунуш
– тарифтик чектин деңгээлин төмөндөтүү боюнча сунуш.
Катышуучунун милдеттенмелери
Ушул конкурстук өтүнмөгө кол коюу менен төмөнкүлөрдү ырастайм жана милдеттенем:
– ыйгарым укуктуу мекеменин талабы боюнча каржылык туруктуулукту ырастоочу документтерди берүүгө;
– конкурстун экинчи этабына белгиленген мөөнөттө катышууга;
– жеңүүчү болуп табылган учурда белгиленген мөөнөттө ижара келишимин түзүүгө;
– долбоорду ишке ашырууну каржылык камсыздоону 1 кВт орнотулган кубаттуулук үчүн 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө банктык кепилдик түрүндө берүүгө;
– Фонд тарабынан жерге жайгаштыруу документациясын иштеп чыгууга жана укук белгилөөчү документтерди тариздөөгө тартылган документалдык ырасталган чыгымдарды төлөөгө;
– башка катышуучу жеңүүчү болуп табылган же конкурс өтпөй калды деп табылган учурда чыгымдарды компенсациялоо боюнча талаптарды койбоого.
Конкурсанттын (ыйгарым укуктуу адамдын) колу: __________________________
(Ф.А.А., ишеним кат боюнча болсо – реестр № жана датасы көрсөтүлөт)
"___" __________________ 20__ ж.
Үч мөөр басылган пакет кабыл алынды, конкурстук өтүнмө конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү каттоо журналында № ________ менен катталды, каттоо датасы _____________
_____________________________________________________ ______________________
(Ф.А.А., фонддун кызматкеринин кызматы) (кол тамгасы)