Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Өлкөнүн жашыл энергетикасына 213,9 млн сом инвестиция салынат!

22.11.2024
285

 

Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл Энергетика фонду” тарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүгө 213 989 100 сом инвестиция тартылат.

Жалпы 9 лот жер тилкеси сунушталып, 4 компания катышкан. Жыйынтыгында 2 лот боюнча жеңүүчүлөр аныкталды:

Лот №1: Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Салам Алик айылына 3 МВт кубаттуулуктагы чакан ГЭС курулат
 Жеңүүчү: ОсОО "Онли Групп"
 Инвестиция: 90 млн сом

Лот №7: Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Бээ айылына 2 МВт кубаттуулуктан тура чакан ГЭС курулат

Жеңүүчү: ОсОО "МТБ Инжиниринг Строй"
 Инвестиция: 123,9 млн сом

Бул долбоорлор энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдеп, туруктуу жана экологиялык таза келечек түзүүгө өбөлгө болот. 

 Жашыл энергия – келечекке карай чоң кадам!