Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунун директору Эмилбек Орозбаев Улуу Британия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Николас Боулер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, туруктуу энергетикалык чечимдерди илгерилетүү, ошондой эле жашыл экономика тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды. Айрыкча Улуу Британиядан инвестицияларды тартуу жана британдык инвесторлордун Кыргыз Республикасында энергиянын кайра жаралуучу тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууга катышуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эл аралык кызматташтык, экологиялык таза технологияларды киргизүү жана туруктуу өнүгүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тыгыз байланышта болуу жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.