Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу «Жашыл энергетика фонду» мамлекеттик мекемеси 2026-жылдын 3- апрелине жана 13-апрелине мурда пландаштырылган конкурстардын жокко чыгарылгандыгын маалымдайт.
27.03.2026
61
Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 429 токтому менен бекитилген (2026- жылдын 6-февралындагы № 67 токтомунун редакциясында) «Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мекеменин карамагында турган жерлерди энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин куруу үчүн өткөрүп берүү тартиби жөнүндө жобонун 3- бөлүмүнүн 17-пунктунун 4-пунктчасына ылайык кабыл алынды. Ага ылайык, ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме конкурсту өткөрүлгөнгө чейин 5 күндөн кечиктирбестен жокко чыгарууга укуктуу. Конкурстар Жободо каралган конкурсту өткөрүүгө тоскоолдук кылуучу ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажор) келип чыгышына байланыштуу жокко чыгарылды.