Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

Кулактандыруу! “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемеси энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү объектти курууга жер тилкени өткөрүп берүү укугуна конкурс жарыялайт.

28.10.2025
69

 

Лот № 1: Шамал электростанциясын курууга.

Жайгашкан жери: Ош облусу, Алай району, Памир-Алай а/ө, Талды-Суу а, Телкум участогу, жалпы аянты - 100 га (идент. номери 5-01-09-0005-0343). 

Конкурс 2025-жылдын 2-декабрында саат 14:00, Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин имаратында өтөт.

Конкурска катышууну каалагандар документтерин 2025-жылдын 28-ноябрь күнү саат 18.00 гө чейин, Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 56 дареги боюнча “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесине тапшыруу керек.

Конкурстун шарттары жөнүндө кеңири маалымат, конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондунан, мекеменинрасмий сайтынан, социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан таанышса, ошондой эле 66-00-62, 66-00-63 телефон номерлери аркылуу алса болот.