Көрүүсү начарлар үчүн версия

,
Язык

КРнын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын Жашыл энергия ассоциациясы

29.11.2024
30

 

https://docs.google.com/document/d/1bOwHPHYVd_O9ycOszvzys_4oI___7_yX/edit?usp=sharing&ouid=117587153126756436508&rtpof=true&sd=trueКЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДАГЫ ЭНЕРГИЯНЫН КАЙРА ЖАРАЛУУЧУ БУЛАКТАРЫ

 

ПЕРСПЕКТИВАЛАР ЖАНА ӨНҮГҮҮГӨ КАРАЙ ШИЛТЕНГЕН КАДАМДАР

 

КРнын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын Жашыл энергия ассоциациясы

 

Биз жөнүндө:

 

КРнын энергиянын кайра жаралуучу булактарынын Жашыл энергия ассоциациясы  бул Кыргыз Республикасындагы энергиянын кайра жаралуу секторунун катышуучуларынын кызыкчылыктарын коргогон коммерциялык эмес коомдук уюм. Ал пайдалуу инвестициялык жагдайды түзүү жана өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонууга көмөк көрсөтүү боюнча иш алып барат.

 

Бүгүнкү күндө тармактын өнүгүшүндө мамлекет тарабынан жөнгө салуу маанилүү ролду ойнойт. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактарын колдонуу жаатында инвестицияларды илгерилетүү жана технологиянын, илимдин, өнөр жайдын өсүшүн колдогон ылайыктуу мыйзамдык базаны жана рынок шарттарын түзүүнү камтыйт. ЭКБнын Жашыл энергия ассоциациясы дүйнөлүк стандарттарга, коомдун жана рыноктун керектөөлөрүнө ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын жайылтуу жана туруктуу өнүгүү боюнча консолидацияланган сунуштарды иштеп чыгат.Ошондой эле Коомду энергиянын кайра жаралуучу булактарынын артыкчылыктары жөнүндө маалымдоо.

 

Ассоциациянын максаттары жана милдеттери:

Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү үчүн пайдалуу инвестициялык климатты түзүү;

Сектордун катышуучулары менен Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо; 

CASA-1000 долбоорунун алкагында экспортко багытталган кайра жаралуучу энергияны жаратуу;

Көмүр кычкыл газын чыгарууну азайтуу жана көмүрдүн энергиясын кыскартуу аркылуу экономиканы декарбонизациялоо;

Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн илим-билим жана дүйнөлүк мыкты техникалык жана технологиялык чечимдерди колдонууга көмөктөшүү;

Таза энергетика тармагында Кыргыз Республикасынын региондорун өнүктүрүү;

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн жетүүгө кыйын жана түшүмсүз жерлерде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу.

Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн алыскы жана түшүмсүз жерлерде энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке ашыруу.

 

Ассоциациянын жетишкендиктери:

 – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы №62 «Энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга арналган жерлерди өткөрүп берүү маселелери жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 20-апрелиндеги №195 токтомуна ылайык энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү боюнча мекеме аралык жумушчу топко кирдик; 

 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 4-октябрындагы №196 токтому менен бекитилген энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга негизделген электр станцияларын курууга арналган адистештирилген товарлардын жана жабдуулардын тизмесин кеңейтүүгө катыштык; 

 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 16-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 2016-жылдын 5-январындагы №1 «Айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн чыгымдарынын жана алардын ордун толтуруу тартибинде келип түшкөн каражаттарды пайдалануунун ченемдерин бекитүү тууралуу» токтомун демилгеледик; 

 – Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен бирдикте энергиянын кайра жаралуучу булактарына арналган бардык жабдууларды Кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тапшырмасын демилгеледик жана ишке ашырдык.

 

Энергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр:

 – Суу энергиясын пайдаланган ЭКБ долбоорлоруна 15 жылдык, ал эми күн, шамал жана биомасса энергиясын пайдаланган долбоорлорго 25 жылдык жеңилдетилген мөөнөт берүү;

 – Рыноктук баа түзүүгө акырындык менен өтүү менен электр энергиясын өндүрүүгө орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү тарифтик саясатты алгачкы кабыл алуу;

 – Катышуучулар(сатуучулар жана сатып алуучулар) үчүн эркин мүмкүндүк менен жалпы улуттук электр жана кубаттуулук рыногун түзүү; 

 – Дарыялардын гидроэнергетикалык потенциалын толук өздөштүрүү жана каскаддык курулуштарды эске алуу менен чакан ГЭСтердин техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу;

 – Электр энергиясынын кубаттуулугун азайтпастан жана электр энергиясын өндүрбөстөн, бекитилген техникалык-экономикалык негиздеме боюнча чакан ГЭСтерди куруу;

 – Экологиялык абалды жакшыртуу максатында калкты жана өнөр жай ишканаларын көмүрдү жана башка энергетикалык отундарды жагуудан баш тартууга стимулдаштыруу.

 

2021-жылы Кыргыз Республикасында электр энергиясын өндүрүлүшү

 

  №АталышыЭэсиКубаттуулугу, МВтӨндүрүш, КВт*с млн 
1Токтогул ГЭСи

 

 

 

 

 

«Электр станциялары» ААК

1 200

 

 

 

 

 

 

12 750,62

2Күрпсай ГЭСи800
3Таш-Көмүр ГЭСи450
4Шамалды-Сай ГЭСи240
5Үч-Курган ГЭСи180
6Камбар-Ата ГЭСи120
7Ат-Башы ГЭСи40
8Бишкек ТЭЦи8122 157,69
9Ош ТЭЦи500,00
109 кичи ГЭС

«Чакан ГЭС» ААК

38,4143,80
1111 кичи ГЭС

Башка кампаниялар

 29,18
  

Өндүрүштүн натыйжасы

3 930,415 081,30
  

Импорт

 1 683,59
  

Керектөөнүн натыйжасы

 16 764,89

 

 

2005-2020-жылдардагы электр энергиясын өндүрүү жана керектөө динамикасы

 

(көк-өндүрүш, кызгылт сары-импорт, сары-калк, жашыл-өнөр жай, көк-башкасы, кызыл-жоготуулар, ачык күрөң-эскпорт) 

 

 

 

 

 

2022-2035-жылдарга болжолдонгон электр энергиясын өндүрүү жана 

керектөө динамикасы 

 

(көк-өндүрүш, кызгылт сары-импорт, ак-жаңы генерация, сары-калк, жашыл-өнөр жай, көк-башкасы, кызыл-жоготуулар, ачык кызгылт сары-эскпорт) 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасында 2023-2035-жылдары жаңы гидрогенерациялоочу кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн болжолдонгон көрсөткүчтөрү

 

Аталышы2023202420252026202720282029203020312032203320342035
1Бала-Саруу ГЭСи 92.092.092.092.092.092.092.092.092.092.092.092.0
2Орто-Токой ГЭСи  95.095.095.095.095.095.095.095.095.095.095.0
3

Кара-Көл

 ГЭСи

  110.0110.0110.0110.0110.0110.0110.0110.0110.0110.0110.0
4Чоң-Кемин ГЭСинин каскады  72.0172.0172.072.072.072.072.072.072.072.072.0
5Күн жана шамал ЭСи 150.0150.0200.0200.0350.0350.0350.0350.0350.0350.0350.0350.0
6Башка чакан ГЭСтер  100.0150.0200.0250.0300.0350.0400.0400.0400.0400.0400.0
7Сары-Жаз ГЭСинин каскады     1577.03601.45240.45240.45240.45240.45240.45240.4
8Камбар-Ата-1 ГЭСи     1410.02820.04230.05640.05640.05640.05640.05640.0
9Камбар-Ата-2 ГЭСи(2-3 агрегаттары) 450.0450.0450.0450.0700.0700.0700.0700.0700.0700.0700.0700.0
10

Жогорку 

Нарын каскадынын ГЭСи

    187.5376.3569.8942.4942.4942.4942.4942.4942.4
11Казарман каскадынын ГЭСи        536.01388.03746.34661.64661.6
12Суусамыр-Көкөмерен каскадынын ГЭСи       95.0943.03317.03317.03317.03317.0
13Куланак каскадынын ГЭСи      551.801308.51574.42050.42667.82667.82667.8
 Жыйынтыгында0.0692.01069.01269.01506.55032.39289.013585.016668.220397.023372.924288.224288.2

Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрү

Көйгөйлөр:

1. Учурдагы гидроэнергияны («Электр станциялары» ААКсы) иштөө чегине жетти;

2. Калктын электр энергиясын керектөөнүн өсүшү жылына орточо 6,7%ды түзөт;

3. Калк үчүн электр энергиясына тариф социалдык болуп саналат жана экономикалык көз караштан инвесторлор салган каражаттардын ордун толтурууга мүмкүндүк бербейт;

4. Өнөр жай керектөөчүлөрүнүн электр энергиясын керектөөсүнүн өсүшү Кыргыз Республикасынын энергетика системасында электр энергиясын жана электр энергиясын керектөөнүн учурдагы лимитин эске алуу менен чектелген;

5. Кыргыз Республикасынын дарыяларында суунун аз кириши уланууда, бул Токтогул суу сактагычын толтурууга жана жалпысынан электр энергиясын өндүрүүгө түздөн-түз таасирин тийгизет;

6. Жалпы генерациялоочу жана бөлүштүрүүчү тармактардын жабдууларынын эскилиги жогорку деңгээлде.

 

Чечимдер:

1. Күн жана шамал энергиясынын жаңы гидрогенерациялоочу кубаттуулуктарын(кичине, чоң) тездетүү менен ишке киргизүү;

2. Калк үчүн электр энергиясына болгон тарифти иштеп жаткан генерациялоочу кубаттуулуктардын өзүн актоо деңгээлине чейин жогорулатуу;

3. Жаңы генерациялоочу кубаттуулуктардын өзүн актоосун эске алуу менен электр энергиясына тарифти бекитүү;

4. Иштеп жаткан генерациялоочу кубаттуулуктарды модернизациялоо;

5. Электр энергиясын бөлүштүрүүчү ишканаларда жоготууларды азайтуу;

 

6. Гидроэнергетикалык потенциалды толук өздештүрүүнү эсепке алуу менен Нарын дарыясынын орто жана жогорку агымында этап-этабы менен өздөштүрүү үчүн заманбап техникалык жана технологиялык чечимдерди эске алуу менен техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу.

 

Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

 

 

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз