Ченемдик укуктук актылар
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2022-жылдын 30-июну № 49
Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам мамлекеттин, энергиянын кайра жаралуучу булактарын, өндүрүү үчүн жабдууларды, энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен орнотмолорду өндүрүүчүлөрдүн, берүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн мамилелерин жөнгө салуунун укуктук, уюштуруу, экономикалык жана финансылык негиздерин, механизмдерин белгилейт.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын максаттары
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жана пайдалануу, энергетикалык түзүмдү өркүндөтүү, энергетикалык ресурстарды диверсификациялоо, калктын социалдык абалын жакшыртуу, Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун, айлана-чөйрөнү коргоону жана экономиканын туруктуу өнүгүшүн камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаттары болуп саналат.
2-берене. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери
1. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу объекттери Кыргыз Республикасынын аймагында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жылуулук, электр энергиясын жана отунду өндүрүү, керектөө жана сатуу, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы жабдууларды жана технологияларды өндүрүү жана берүү болуп саналат.
2. Тарифтик преференциялар каралган ушул Мыйзамдын жоболору энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен жаңы объекттерге жайылтылат.
3-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) биомасса - байкоо жүргүзүү учурунда биогеоценоздо болгон өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын организмдеринин жыйынды массасы;
2) кайра жаралуучу энергия - энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу жолу менен, анын ичинде кайра жаралуучу отундан алынган экологиялык таза энергия;
3) энергиянын кайра жаралуучу булактары - энергиянын үзгүлтүксүз кайра жаралуучу түрлөрүнүн булактары:
а) күндүн энергиясы, Жердин энергиясы, вакуумдун энергиясы, шамалдын энергиясы, суунун энергиясы;
б) кен эместерден жана көмүртек эместерден пайда болуучу энергиянын булактары, ар кандай органикалык калдыктардын жана/же материалдардын биомассасынын ажыроосунан (ачыган) пайда болгон энергия;
в) экинчи ирет алынуучу жылуулук энергиясы (градириялар, трансформатордук подстанциялар, алардын иштөөсүнүн натыйжасында экинчи ирет алынуучу жылуулук энергиясы бөлүнүп чыккан башка өнөр жай орнотмолору жана агрегаттар);
4) кайра жаралуучу отун - кайра жаралуучу булактардан, биомассадан жана бардык органикалык же жаратылыш чийки затынан жана/же булактан алынуучу отун;
5) энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу - кайра жаралуучу энергияны кайра түзүүгө, топтоого, бөлүштүрүүгө жана керектөөгө багытталган аракеттердин жыйындысы, ошондой эле бул аракеттерди материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу;
6) күндүн энергиясы - күн радиациясын колдонуудан алынган энергия;
7) түйүн (электр жана/же жылуулук, газ) - электр жана жылуулук энергиясын ташуу жана/же бөлүштүрүү жана кайра бөлүштүрүү үчүн техникалык каражаттардын жыйындысы;
8) биогаз орнотмосу - газды, экинчи ирет алынуучу жылуулукту иштеп чыгуу жана органикалык жер семирткичтерди алуу үчүн органикалык калдыктарды жана агындыларды анаэробдук ачытуу үчүн жабдуулардын тутуму;
9) энергиянын кайра жаралуучу булактарынан өндүрүлгөн электр энергиясы - энергиянын кайра жаралуучу булактарынан гана алынган электр энергиясы;
10) шамалдын энергиясы - шамалдын энергетикалык дараметинен алынган энергия;
11) гидроэнергия - суу энергиясын пайдалануучу гидроэнергетикалык агрегаттар өндүргөн энергия;
12) салттуу энергия - калыбына келбөөчү ресурстардан, атап айтканда, көмүр суутек чийки заттарынан (көмүр, мунай, газ) жана белгиленген кубаттуулугу 30 жана андан ашык мегаватт болгон гидроэлектр станцияларынан алынуучу энергия;
13) күн орнотмосу - күндүн энергиясын жылуулук же электр энергиясына айландыруу үчүн жабдуулардын тутуму;
14) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
15) кайра жаралуучу энергияны керектөөчү - кайра жаралуучу энергиянын булактарын өздөштүрүү жолу менен алынган энергиянын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү пайдалануучу юридикалык же жеке жак;
16) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
17) энергиянын кайра жаралуучу булактарын диверсификациялоо - анын жаңы түрлөрүн өздөштүрүүнүн эсебинен энергиянын кайра жаралуучу булактарын өндүрүү ишин кеңейтүү;
18) жеңилдетилген мезгил - бир жолу жогорулатуучу коэффициенттерди колдонуу менен энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануучу орнотмолор үчүн тарифтин мыйзамда белгиленген колдонуу мөөнөтү;
19) ЭКБ объекти - ЭКБны пайдалануу менен электр жана (же) жылуулук энергиясын өндүрүүгө багытталган техникалык түзүлүштөр, алар менен өз ара байланышкан, ЭКБны пайдалануу боюнча объекттин менчик ээсинин балансында турган ЭКБны пайдалануу боюнча объектти эксплуатациялоо үчүн технологиялык жактан зарыл болгон курулмалар жана инфратүзүм;
20) ЭКБ субъекти - ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүү (режимдердин бардык түрлөрү), берүү (сатуу) чөйрөсүндө иштөө ниетин билдирген жана/же ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, жеке ишкерлер (жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар);
21) микрогенерация - электр энергиясын өлчөмүнө, технологиясына же отунга карабастан тармактан тышкары да же тармак менен параллелдүү негизде да ал керектелүүчү жерде же ага жакын жерде өндүрүү;
22) микрогенерация объектиси - эгерде мындай объекттин электр энергиясын электр тармагына берүү үчүн имараттагы бирден ашык орун жайды тейлөөгө багытталган, анын ичинде көп батирлүү үйдүн же турак үйдүн жалпы мүлкүнүн курамына кирген электр жабдуусу пайдаланылбаса, энергияны кабыл алуучу түзүлүштөрү чыңалуусунун деңгээли 1 кВ ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВт ашпаган электр тармактык чарбанын объекттерине технологиялык жактан кошулган, электр энергиясын керектөөчүгө менчик укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон, электр энергиясын өндүрүү боюнча объект;
23) электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (мындан ары - ЭКЭАС) - адистештирилген, метрологиялык аттестацияланган техникалык каражаттардын, программалык каражаттардын, байланыш каражаттарынын комплексинен турган, электр энергиясын коммерциялык эсепке алууну, коммерциялык эсепке алуунун маалыматтарын берүүнү, аларды иштеп чыгууну, аныктыгын баалоону, маалыматтар менен алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошуп алганда, автоматташтырылган режимде жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү система.
ЭКЭАС, электрондук кол тамганы колдонууну кошуп алганда, документтештирүү системасы менен толукталышы мүмкүн;
24) эсептешүү борбору - электр энергиясынын (кубаттуулугунун) рыногунун бардык катышуучулары, анын ичинде өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын аймагында электр энергиясын иштеп чыгууну, берүүнү, бөлүштүрүүнү жана сатууну жүзөгө ашырган субъекттер үчүн маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) жана электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы (ЭКЭАС) аркылуу электр энергиясынын балансынын эсептешүүлөрүн жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген юридикалык жак;
25) Маалыматтарды топтоонун жана иштеп чыгуунун борборлоштурулган системасы (МТИБС) - аппараттык каражаттардан (компьютерлер, серверлер, перифериялык түзүлүштөр, маалыматтарды берүү каналдары, коммуникациялык түзүлүштөрү ж.б.) жана программалык камсыз кылуудан (операциялык система, программалык тиркемелер ж.б.) турган электр энергиясын эсепке алуунун маалыматтарын автоматтык түрдө топтоо жана иштеп чыгуу системасы;
26) энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттеринин реестри - мамлекеттик жөнгө салууга жана контролдоого тийиш болгон энергиянын кайра жаралуучу булактарынын субъекттерин мамлекеттик эсепке алуунун бирдиктүү системасы;
27) системалык оператор - Кыргыз Республикасынын улуттук энергетика системасын борборлоштурулган ыкчам-диспетчердик башкарууну жүзөгө ашырат.
2. Энергиянын кайра жаралуучу булактарынын жана жабдуулардын келтирилген тизмеси толук эмес жана энергиянын кайра жаралуучу булактары жана энергиянын натыйжалуулугу чөйрөсүндөгү илим менен технологиянын өнүгүшүнө жараша кеңейиши мүмкүн.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
4-берене. Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Энергиянын кайра жаралуучу булактары (мындан ары - ЭКБ) жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан, башка мыйзамдардан жана башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген тиешелүү эл аралык келишимдерден турат.
Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимде ушул Мыйзамда каралгандан башка ченемдер белгиленсе, анда эл аралык келишимдин ченемдери колдонулат.
5-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасында ЭКБны пайдалануу менен байланышкан мамилелерди, анын ичинде төмөнкүлөр боюнча жөнгө салуу болуп эсептелет:
1) ЭКБнын дараметин изилдөө;
2) ЭКБны пайдаланууга экономикалык жактан дем берүү;
3) ЭКБны өндүрүү, ташуу, өзгөртүү, сактоо жана пайдалануу үчүн энергетикалык орнотмолорду, машиналарды, жабдууларды жана продукцияны иштеп чыгуу, өндүрүү, ташып кирүү жана пайдалануу;
4) кайра жаралуучу ресурстарды пайдалануу аркылуу энергия алып жүрүүчүлөрдү жана механикалык энергияны өндүрүү;
5) ЭКБнын энергиясын пайдаланууну көбөйтүүгө багытталган уюштуруу, илимий-изилдөө, долбоордук, эксперттик, конструктордук, курулуш жана жөнгө салуу ишин жүзөгө ашыруу.
2-глава. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик башкаруунун негиздери
6-берене. ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
ЭКБ жаатындагы мамлекеттик саясат төмөнкү принциптерге негизделет:
1) кайра жаралуучу энергия жаатындагы мамлекеттик саясаттын милдеттери кайра жаралуучу энергиянын үлүшүн көбөйтүү, атаандаштыкка жөндөмдүү энергетика тутумдарын өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу аркылуу энергетикалык коопсуздукту чыңдоодо турат;
2) кайра жаралуучу энергия жаатындагы мамлекеттик саясат улуттук жана региондук программалардын алкагында ишке ашырылат;
3) кайра жаралуучу энергия секторун өнүктүрүүгө багытталган чараларды ишке ашырууда айлана-чөйрөнү коргоону жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктын саламаттыгын сактоо жана эмгекти коргоо;
4) ЭКБны пайдаланууну мамлекеттик колдоо;
5) ЭКБны отун-энергетикалык баланска киргизүү максатында ЭКБны өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) экономикалык кызыкчылыгын камсыз кылуучу укуктук жана финансылык-экономикалык механизмдердин тутумун түзүү;
6) инвестицияларды тартуу жана ишкердикти колдоо;
7) иштелип чыккан ЭКБ энергиясын сатууга кепилдиктер;
8) ЭКБ жана кайра жаралуучу отун жаатында жасалма монополияны түзүү шарттарын жокко чыгарып, ЭКБны пайдалануучу тутумдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
9) ЭКБ жаатындагы техникалык жана технологиялык жетишкендиктерди маалыматтык камсыздоо;
10) ЭКБны өздөштүрүү процессине коомчулукту жана илимий-техникалык дараметти кеңири тартуу;
11) энергия берүү же салттуу энергияны алмаштыруу максатында электр энергетика тармагынын субъекттери менен ЭКБны өндүрүүчүлөрдүн (керектөөчүлөрдүн) кызматташтыгын колдоо;
12) электр жана жылуулук энергиясын борбордон ажыратылган жана автономдуу өндүрүүгө багытталган иш-аракеттерди колдоо;
13) ЭКБ жабдууларын өндүрүүгө жана пайдаланууга калкты тартуу;
14) ЭКБ жаатындагы ведомстволор аралык жана секторлор аралык кызматташууну камсыз кылуу;
15) айлана-чөйрөнү коргоо, суу объекттеринин гидрологиялык режимдерин өзгөртүүгө алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жана рекультивациялык иш-чараларды кыйшаюусуз аткаруу, балыктардын табигый урук чачуучу жерлерин, кыштоочу чуңкурларын, урук чачуучу миграция жолдорун сактоо, ал эми зарыл болгондо балыктардын анадромдук түрлөрү үчүн балык өтүүчү курулмаларды куруу.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. ЭКБны пайдаланууну илгерилетүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ЭКБны пайдаланууну илгерилетүүнү төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырат:
1) ЭКБны өздөштүрүүдө артыкчылыктарды аныктоо;
2) скважиналарды, өндүрүш процессинде айлана-чөйрөнү булгаган заттарды эвакуациялоону жана кайра жаралуучу отунду колдонууну кошо алганда, ЭКБны өздөштүрүү процессинде экологиялык таза технологияларды же калдыктары төмөнкү жана коопсуз деңгээлдеги технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча мыйзамдарда каралган экономикалык механизмдердин жана түрткү берүүчү чаралардын кепилденген иштеши;
3) энергия сервисин жана жергиликтүү өндүрүштүн иштешин камсыз кылуу, калктын жашоо-тиричилигин камсыздоо үчүн шаарларда, ошондой эле айыл жергесинде кайра жаралуучу энергиянын көз карандысыз тутумдарын курууну колдоо;
4) ысык суу менен жабдуу, жылытуу, муздатуу жана электр энергиясын иштеп чыгаруу үчүн күндүн энергия тутумдарынын жабдууларын орнотуу жана пайдалануу боюнча ишти колдоо;
5) айыл чарба өндүрүшүнүн жана кайра иштетүүчү өнөр жайдын органикалык калдыктарын сарамжалдуу пайдалануу үчүн биогаз орнотмолорунун түйүндөрүн орнотуу жана түзүү боюнча ишти колдоо;
6) ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду туруктуу өндүрүүнү камсыз кылуучу сервистик борборлорду түзүүнү колдоо, түзүлүүчү тутумдарды оңдоо жана тейлөө;
7) ЭКБны пайдалануу менен алынган жана ага 1,3 коэффициенти колдонулган электр энергиясын кепилденген сатып алууну жүзөгө ашыруу.
8-берене. ЭКБ жаатында мамлекеттик башкаруу
1. ЭКБ жаатында мамлекеттик башкаруу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан алардын функцияларына ылайык жана төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) тиешелүү ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
2) ички жана тышкы каржылоо булактарын караган ЭКБ жаатындагы жалпы мамлекеттик программаларды иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана аткаруу;
3) ЭКБнын дараметин пайдаланууну эске алуу менен энергетикалык жаатын реформалоо;
4) ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүүгө жана ЭКБ жабдууларын өндүрүүгө түрткү берүүчү укуктук механизмдерди, ошондой эле ченемдик укуктук документтерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
5) ЭКБнын дараметин жана энергиясын пайдаланууну баалоо;
6) ЭКБны өнүктүрүү жаатында окутууну уюштуруу жана илимий-техникалык прогресске көмөктөшүү;
7) ЭКБны пайдалануу жана өнүктүрүү менен эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкты камсыздоо, эл аралык программаларга катышуу;
8) ЭКБны өздөштүрүү процессине коомдук жана илимий-техникалык уюмдарды тартууга көмөктөшүү;
9) суунун энергиясы пайдаланылган долбоорлордун жеңилдетилген мезгилинин колдонулушун 15 жылдык мөөнөткө, күндүн, шамалдын, биомассанын, жердин энергиясы пайдаланылган долбоорлор үчүн - 25 жылдык мөөнөткө белгилөө;
10) электр энергетикалык компаниялардын техникалык шарттарын берүүнүн негизинде жалпы энергетикалык түйүнгө кошулуучу ЭКБ обьекттерин курууну жөнгө салуу;
11) кайра жаралуучу энергетикалык ресурстарды баалоону жана статистикалык эсепке алууну кайра жаралуучу энергия жана отун жаатындагы ишти жүзөгө ашыруучу субъекттердин реестрин жүргүзүү жолу менен камсыз кылуу;
12) ЭКБдан алынуучу энергиянын бардык түрлөрүнө тарифтерди белгилөө методикасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
2. (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) ЭКБны пайдаланууну колдоо жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
2) ЭКБны өнүктүрүү жана пайдалануу программаларын иштеп чыгат;
3) ЭКБны пайдалануу менен объектти курууга инвестициялоо ниети жөнүндө макулдашуу түзүүгө укуктуу;
4) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун резервге коюуга укуктуу;
5) жер комиссиясынын ишин демилгелөөгө, ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн жер участокторун берүү жөнүндө маселени кароодо катышууга укуктуу;
6) ЭКБны пайдалануу менен энергетикалык орнотмолорду курууга (анын ичинде тарифти төмөндөтүүгө) конкурстук тандоону ЭКБны пайдалануу менен электр энергетикалык орнотмону куруу долбооруна бөлүнүп берилген жер участогу жана ЭКБны пайдаланууну өнүктүрүү жана колдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан даярдалган алдын ала техникалык-экономикалык көрсөткүчтөр жана/же техникалык-экономикалык негиздеме болгон учурда гана жарыялоого укуктуу;
7) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди курууга конкурс өткөрүүдө инвесторлор тарабынан кепилдик милдеттенмелердин аткарылышын сактоого контролдоону жүзөгө ашырат;
8) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу үчүн бөлүнгөн жер участокторунун максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелери боюнча мамлекеттик суу администрациясы жана башка ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенет;
9) жер участогун максаттуу багытын бузуу менен пайдаланган же болбосо ЭКБны пайдалануу менен объектти куруу үчүн берилген жер участогун 3 жылга чейин пайдаланбаган учурларда жер участогун пайдалануу укугун токтотуу (жокко чыгаруу) жол-жобосун демилгелөөгө укуктуу;
10) ЭКБны пайдалануу менен объекттерди куруу долбоорлорун мамлекеттик органдарда макулдашуу жол-жоболорун өткөрүүдө инвесторлорго юридикалык жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө укуктуу;
11) ЭКБны пайдалануу менен объекттердин энергетика жаатындагы мыйзамдарга ылайык энергия берүүчү уюмдардын электр жана (же) жылуулук түйүндөрүнө кошулуусуна мониторинг жүргүзүүнү жана контролду жүзөгө ашырат;
12) ЭКБнын энергетикалык дараметин, аларды өздөштүрүү деңгээлин жана Кыргыз Республикасында энергия өндүрүүнүн жалпы көлөмүндө электр жана жылуулук энергиясын өндүрүүнүн үлүшүн эсепке алуу жана талдоо жолу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте ЭКБны пайдаланылышына мониторинг жүргүзөт; ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүү көлөмүнүн максаттуу көрсөткүчтөргө ылайык келүүсүн аныктайт;
13) ЭКБны пайдалануу жаатында эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат;
13-1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган ыйгарым укуктуу мекеме жана энергетикалык компания менен биргеликте электр энергиясын берүү келишимине кол коюучу катары чыгууга укуктуу;
14) ушул Мыйзамга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава. ЭКБ жаатындагы экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдер
10-берене. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу, сатып алуу жана эксплуатациялоо
1. ЭКБны пайдалануу менен орнотмолорду куруу, сатып алуу жана эксплуатациялоо Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы мыйзамдардын талаптарын жана техникалык регламенттерди сактоодо каалаган юридикалык же жеке жак тарабынан жүзөгө ашырылат.
2. Имараттарды долбоорлоону жүзөгө ашырган уюмдарга иштелип чыгуучу долбоорлордо күндүн энергиясын же ЭКБнын башка булактарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алдын ала кароо сунушталат.
11-берене. ЭКБны пайдалануу менен программаларды жана долбоорлорду каржылоо
ЭКБны өнүктүрүүгө жана пайдаланууга багытталган илимий жана техникалык изилдөөлөрдү каржылоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзамында каралган каражаттардын чегинде республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
12-берене. ЭКБны пайдаланууга түрткү берүүнүн экономикалык жана уюштуруу-укуктук механизмдери
ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүчүлөрү, жана мындай энергиянын керектөөчүлөрү төмөнкүдөй преференцияларга ээ:
1) ЭКБнын негизинде иштеген техникалык каражаттарды жана түзүлүштөрдү өндүрүүчү же кайра жабдуучу жеке жана юридикалык жактар үчүн преференциялар берилет;
2) ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр жана жылуулук энергиясынын өндүрүүчүлөрү үчүн салык жана бажы мыйзамдарында каралган салык жана бажы жеңилдиктери;
3) ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу, орнотмолордун менчик ээси тарабынан жеке муктаждыктарына керектелбеген жана башка керектөөчүлөргө келишимдик негизде сатылбаган бардык электр энергиясы, ЭКБны пайдалануу менен ушул орнотмо электр энергетикалык компаниясынын кайсы түйүнүнө кошулганына карабастан, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган, тиешелүү электр энергиясын берүү келишимин түзгөн электр энергетикалык компаниясы тарабынан сатып алынууга тийиш;
4) газ өткөрүүчү жана жылуулук түйүндөрүнүн стандарттарына жана талаптарына шайкеш келүүчү газ жана газ түрүндөгү кайра жаңылануучу отун, газ өткөрүүчү жана жылуулук түйүндөрү менен иштеген уюмдардын тутумуна кошулууга тийиш;
5) улуттук стандартка шайкеш келген суюк биологиялык отун уюмдарга отун сатуу тутумуна киргизилүүгө тийиш;
6) ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын жеткирүү жана төлөө жеңилдик берилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүндө түзүлгөн электр энергиясын жеткирүү келишимине ылайык артыкчылыктуу тартипте жүзөгө ашырылат. Электр энергиясын берүү келишиминин типтүү формасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.;
7) ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор аркылуу иштелип чыгуучу электр энергиясына жеңилдик берилген мезгилдин колдонуу мөөнөтүнүн ичиндеги тариф, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу электр энергиясына тарифтик саясатка ылайык белгиленет жана орнотмонун ар бир түрү боюнча тиешелүү коэффициентке төмөнкүдөй өлчөмдөрдө көбөйтүлөт:
а) суунун энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
б) күндүн энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
в) биомассанын энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
г) шамалдын энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
д) жердин энергиясын пайдалануучу орнотмолор үчүн, коэффициент 1,3кө барабар;
8) (КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9) өндүрүүчүнүн жана өзүнүн керектөөчүсүнүн ортосунда ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын сатууга тарифтер келишимдик негизде белгиленет;
10) өз муктаждыктары үчүн ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер белгиленбейт;
11) ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыгуучу электр энергиясын сатып алууга электр энергетикалык компаниялардын кошумча чыгымдарынын компенсациясы акыркы керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатты киргизүүдө эске алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мекеменин каражаттарынын эсебинен жабылат;
12) электр энергетикалык компаниянын түйүнүнө кошулган жерине чейин электр берүү линияларын курууга кеткен бардык чыгымдарды ЭКБны колдонуу менен орнотмонун ээси тартат;
13) электр энергетикалык компаниялардын балансында турган, иштеп жаткан электр жана жылуулук тармактарын кеңейтүү жана реконструкциялоо учурунда ЭКБны пайдалануучу объекттерди туташтыруу үчүн материалдарды сатып алуу, энергетикалык жабдууларды орнотуу жана оңдоо боюнча чыгымдар, ошондой эле алардын баланстык таандыктыгы өзүнчө келишим менен аныкталат;
14) бардык электр энергетикалык компаниялар белгиленген стандарттарга жооп берген шартта, алар иштеп чыккан электр энергиясын түйүндөргө берүү үчүн ЭКБны пайдалануу менен электр энергиясын өндүрүүчүлөрдүн өз түйүндөрүнө басмырлоосуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга тийиш;
15) ЭКБны пайдалануучу орнотмону туташтыруу архитектура-курулуш иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талабы боюнча энергетикалык компания тарабынан берилген техникалык шарттардын негизинде жүргүзүлүшү керек;
16) улуттук электр түйүндөрү жана бөлүштүрүүчү ишканалар ЭКБны пайдалануу менен иштелип чыккан электр энергиясын өндүрүүчүлөрдөн керектөөчүлөргө чейин тоскоолдуксуз өткөрүүнү камсыз кылат;
17) Кыргыз Республикасынын бирдиктүү электр энергетика тутумунун электр түйүндөрүнө электр энергиясын берүү - керектөө боюнча диспетчердик графиктерди түзүүдө ЭКБны пайдалануучу объекттерден жеткирүү аларга артыкчылыктуу тартипте киргизилет;
18) жеңилдетилген мезгилдин колдонулушу аяктагандан кийин ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тариф отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бөлүштүрүүчү компаниянын акыркы керектөөчүлөрү үчүн өткөн жылдагы орточо белгиленген тарифтин деңгээлинде белгиленет;
19) ЭКБны пайдалануу менен орнотмолор тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясына тарифтер чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата алмашуу курсунун өзгөрүшүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу тартипте жылдык индексацияланууга тийиш;
20) ЭКБ субъекттери тарабынан иштелип чыгуучу электр энергиясы аны системалык оператордун диспетчердик командасы боюнча Кыргыз Республикасынын энергетика системасына максималдуу күч келген сааттарда берүү үчүн ЭКБ субъектинин топтоочу түзүлүштөрүндөгү генерацияланган, топтолгон жана сакталган электр энергиясынын кубаттуулугун пайдаланууну кошпогондо, аны бир эле учурда иштеп чыгууда жана керектөөдө топтоого, сактоого, өз ара алмашууга жана кайтарып берүүгө тийиш эмес.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
13-берене. ЭКБ боюнча ишти маалыматтык камсыздоо
ЭКБ энергиясынын маселелери боюнча ишти маалыматтык камсыздоо энергетика боюнча мамлекеттик башкаруу органдары тарабынан төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
1) ЭКБны пайдалануу боюнча улуттук жана региондук программаларды кеңири талкуулоо;
2) ЭКБ чөйрөсүндө үлгү болуучу долбоорлорду түзүү боюнча иштерди координациялоо;
3) административдик-аймактык бирдиктердин аймагында ЭКБны басымдуу пайдалануучу зоналарды түзүү;
4) ЭКБ чөйрөсүндө технологиялардын жана жабдуулардын көргөзмөлөрүн уюштуруу;
5) ЭКБны керектөөчүлөргө жана өндүрүүчүлөргө аларды өндүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча маалымат берүү;
6) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу ЭКБны өндүрүүнү жана пайдаланууну жайылтуу.
14-берене. Кайра жаралуучу энергия жаатындагы ишти илимий жактан камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы кайра жаралуучу энергия жаатында илимий ишти камсыз кылат, анын ичинде:
1) ЭКБны өздөштүрүү тармагында эл аралык илимий жана илимий-техникалык программаларды, ошондой эле аларды ишке ашыруу жана көзөмөлдөө механизмдерин иштеп чыгат;
2) мамлекеттик бюджеттен каржылануучу изилдөөчүлүк жана инновациялык долбоорлорго сынактарды уюштурат;
3) кайра жаралуучу энергияны өздөштүрүү жаатында илимий жана инновациялык жетишкендиктерди киргизет;
4) мамлекеттик программаларды, изилдөө долбоорлорун ишке ашыруу бөлүгүндө отчетторду карайт жана ЭКБ жаатында жүргүзүлүп жаткан изилдөөлөрдүн, сыноолордун жана текшерүүлөрдүн илимий деңгээлин баалайт;
5) ЭКБ жаатындагы жаңы материалдарды. техниканы жана технологияларды түзөт;
6) жыл сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бул жааттагы программаларды жайылтуунун жана жүзөгө ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты берет.
15-берене. Энергетикалык ресурстардын жана статистиканын мамлекеттик реестри
ЭКБнын казып алынуучу, өндүрүлүүчү, ташып келинүүчү, кайра иштетилүүчү, кайра өзгөртүлүүчү, ташылуучу, сакталуучу жана керектелүүчү энергия алып жүрүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар расмий статистика тармагындагы мамлекеттик орган тарабынан катталууга тийиш.
ЭКБ субъекттери бардык эсепке алуу түйүндөрүн эсептөө борборунун МТИБСде интеграциялоо менен ЭКЭАСти эсепке алуу приборлору менен жабдууга милдеттүү.
(КР 2023-жылдын 9-августундагы № 174 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
16-берене. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Ушул Мыйзамды бузган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
2. Ушул Мыйзам менен жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган энергетикалык компаниялар ЭКБны өндүрүүчүлөрдүн алынбай калган пайдасынын өлчөмүндө компенсацияны төлөп берет.
4-глава. Корутунду жоболор
17-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 31-декабрындагы № 283 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 10, 1111-ст.);
2) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 10-октябрындагы № 167 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж., № 9, 1266-ст.);
3) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 3-августундагы № 148 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2759-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 10-октябрындагы № 170 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 9, 2862-ст.);
5) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 25-июлундагы № 136 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 854-ст.);
6) "Расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын 11-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 471-ст.);
7) "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 24-июлундагы № 99 Мыйзамынын 2-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 487-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |